Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:20

ТИМ: Сирия жана Ирактагы кыргыз жарандарын кайтарып келүү аракети жүрүп жатат


Сириянын Ракка шаарынан чыгып бараткан аялдар. 5-апрель, 2017-жыл.
Сириянын Ракка шаарынан чыгып бараткан аялдар. 5-апрель, 2017-жыл.

Мындай маалыматты Тышкы иштер министрлиги "Азаттык" радиосуна расмий кат түрүндө билдирди.

Анда Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги компетенттүү органдар менен чогуу Сириядагы жана Ирактагы кыргыз жарандары боюнча ар тараптуу иш алып барып жатканы айтылат.

Мындан тышкары бул өлкөлөрдөгү кыргызстандыктардын тек-жайы жана саны да аныкталууда. "Кыргызстандын Сирияда элчилиги жок болгону ал жактагы кыргыз жарандарына көмөк көрсөтүү жана бул маселе боюнча иш алып барууда көйгөйлөрдү жүргүзүп жатканы жашыруун эмес. Ошондуктан, министрлик Кувейттеги, Түркиядагы элчиликтердин жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин шериктеш байланыштары аркылуу кыргыз жарандарын мекенге кайтарып келүү чараларын көрүп жатат" деп жазылган катта.

Министрликтин маалыматы боюнча, Кыргызстандын жарандарын кайтарып келүү жаатында Эл аралык кызыл чырым коому менен да тиешелүү иш-аракеттер жүрүп жатат.

УКМКнын былтыр июль айындагы маалыматына караганда, Сириянын согуш болуп жаткан аймактарына Кыргызстандан 850 жаран кетип, анын 150сү ошол жакта курман болгон.

«Ислам мамлекетине» кошулуп кеткен кыргызстандыктардын 140ка жакыны аялдар. Алардын көбү балдарын ээрчите кеткен же ошол жактан балалуу болушкан.

Коңшу казак бийлиги декабрь, январь айларында Сириядан жарандарын эвакуациялай баштаган. Расмий Астана Сириядан казак жарандарын кайтаруу боюнча «операциянын» чоо-жайын жана аны кайсы мамлекеттер менен өнөктөштүктө өткөргөнүн ачыкка чыгарган жок. Казак жарандары менен чогуу Сириядагы күрттөрдүн лагеринде кармалып турган кыргызстандык келиндер "Вотсап" аркылуу кыргыз бийлигине кайрылуу жолдоп, өздөрүн мекенге алып кетүүнү суранышкан.(ZKo)

XS
SM
MD
LG