Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:45

Temirov Live командасы журналистке күч кызматкери баңгизат салган деп эсептейт


Temirov Live видеосунан скриншот.
Temirov Live видеосунан скриншот.

Ютубдагы Temirov Live каналы январь айында милициянын иликтөөчү журналист Болот Темировду маңзатка байланыштуу кармоо операциясы тууралуу видеосун жарыялады. Анда Темиров анын чөнтөгүнөн табылган баңгизатты "күч кызматкерлери өздөрү салып койгонун" айтып, ал милициянын өздүгүн такталганын билдирди. Temirov Live каналы ал - милициянын атайын бөлүктөгү кызматкери Данияр Байгазиев болгон деп эсептешет.

Азырынча Ички иштер министрлиги Temirov Live каналы дооматына жооп бере элек.

Буга чейин Ютубдагы Temirov Live каналы Болот Темировду маңзатка байланыштуу кармоо операциясы тууралуу иликтөө жарыялаган. Анда атайын операциянын калпыстыктары, журналисттин чөнтөгүнө маңзат салынды делген учур көрсөтүлгөн жана Темировду кармоо операциясын милициянын тергөөчүлөрү эмес, беткап кийген бейтааныш эки адам башкарганы айтылган.

Бишкектин Свердлов райондук сотунда 18-майда иликтөөчү журналист Болот Темировго козголгон иштери тууралуу соттук угуу болуп, кийинки жараян 25-майга белгиленген. Анын алдында милициянын чечими менен журналисттин кыргыз паспорту жараксыз деп табылган.

Быйыл январь айында Бишкек шаардык милициясы Темировго карата Жазык кодексинин “Баңгизаттарын, психотроптук каражаттарды жана алардын аналогдорун мыйзамсыз даярдоо” беренеси менен кылмыш ишин козгогон.

Мунун алдында Болот Темировдун Temirov LIVE деп аталган YouTube каналы “Эки күндө 37 млн. сомду тапса болот? Садыр Жапаров жана Ташиевдин схемасы” деген темада иликтөө жарыялаган.

20-апрелде Болот Темировго карата Жазык кодексинин “Документ жасалмалоо”, “Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү” боюнча дагы эки кылмыш иши козголгону белгилүү болгон.

Журналистке баш-аягы төрт иш ачылып, бир өндүрүшкө бириктирилген. Болот Темиров муну кесиптик ишмердигине тоскоолдук катары мүнөздөп келет. Күч органдары болсо мындай дооматтарды четке кагышкан.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК), Ички иштер министрлиги (ИИМ) журналистке бут тосуу болуп жатканын четке каккан. Президенттин басма сөз кызматы бийлик иликтөөчү журналисттерге колдоо көрсөтөрүн билдирген. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG