Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Август, 2022 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:37

Бээжин-Бишкек: бажыдагы эки башка эсеп


Кыргыз-Кытай чек арасындагы “Торугарт” бекети аркылуу жүк ташыган автоунаалар. Архивдик сүрөт.

Кыргызстанда бажы системасына байланыштуу суроолор Кытайдын расмий органдарынын соода жүгүртүү боюнча жаңы статистикасындагы айырмадан улам жаралды.

Эки өлкөнүн бажы органдары берген экспорт жана импорттун көлөмү боюнча маалыматтарда миллиардаган доллар айырманы көрүүгө болот. Буга көңүл бурган журналист Болот Темиров чакан иликтөө даярдаган. Ачык булактардагы маалыматтарга караганда, эки өлкөнүн статистикасындагы айырма 4 миллиард 800 миллион долларды түзөт.

Болот Темиров
Болот Темиров

"Жөнөкөй сөздөр менен айтканда, Кытай 2021-жылы Кыргызстанга 6 миллиард 600 миллион доллардык товар жана кызмат көрсөтүүнү киргизгенин билдирүүдө. Ал эми биздин бажычылар болсо "жок мындай болушу мүмкүн эмес, бизге болгону 1 миллиард 400 миллион долларлык товар кирген" деп жатышат. Экөөнүн ортосундагы айырма 4 миллиард 800 миллион долларга жетүүдө. Муну эске алганда, 12 пайыздык кошумча нарк салыгы боюнча эле 573 миллион доллар бюджетке түшпөй калган", - деп билдирүүдө иликтөөчү журналист.

Эки өлкөнүн статистикасындагы айырма буга чейинки жылдарда деле болуп келген. Соңку 20 жылда Кытай менен Кыргызстандын импортундагы айырмачылык 60 миллиард долларды түзгөнү боюнча маалыматтар чыккан.

Бирок журналист Темиров эки өлкөнүн ортосундагы айырма мурдагы жылдарга караганда көбөйгөнүн айтып, бийликтен түшүндүрмө талап кылган.

Чынында эле Кытай менен Кыргызстандын статистикасындагы айырма буга чейин деле айтылып келген. Кыргыз бийлиги муну импорт менен экспортту эсептөөдөгү методологиянын эки башкалыгы менен түшүндүрүп келген.

Бул жолу да Бажы кызматы статистикадагы айырмачылык боюнча шектенүүлөрдү четке кагып, атайын түшүндүрмө таратты. Анда соода жүгүртүүдөгү айырма эки өлкөнүн тышкы соода боюнча маалымат эсептөө ыкмасы баштаган бир нече фактор менен түшүндүрүшкөн. Бажы кызматынын маалымат катчысы Гүлзада Чубакова аталган себептерди төмөнкүчө атады:

"Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосунда 2021-жылга карата өз ара сооданын көрсөткүчтөрүн талдоо көрсөткөндөй, маалыматтардагы дал келбестиктердин негизги себептери төмөнкүлөр болушу мүмкүн: эки өлкөнүн тышкы соода маалыматтарын түзүүнүн ар кандай методологиясы, товарларды декларациялоодо ар кандай ыкмалар, импорттук жана экспорттук товарларга баа түзүүнүн ар кандай ыкмалары, товарлардын физикалык көлөмүн (кг жана кошумча бирдиктерин) эсепке алуунун ар кандай ыкмалары, бажы наркын аныктоонун ар кандай ыкмаларын колдонуудан келип чыккан нарктын айырмасы, товарлардын импорттоочуларынын өздүк наркын төмөн баалашы, - товарлардын экспорттоочуларынын өздүк наркын ашыкча баалоосу", - деп билдирди.

Бажы кызматы мындай көйгөй башка өлкөлөрдө да бар экенин белгилеп, журналисттерди бир жактуу жана популисттик материалдарды жарыялоо менен коомчулукту адаштырбоого чакырды.

Амбициялуу план аткарылбай калабы?

Мамлекеттик орган журналисттерди популизмге айыптаганы менен парламентте Бажы кызматынын планы өз мөөнөтүндө аткарылбай жатат деген камтамачылыктар айтылууда.

Негизи кыргыз өкмөтү 2022-жылдын бюджетин 400 миллиард сомго жеткирүү планын койгон. Анын ичинде бажы төлөмдөрүн былтыркы жылга салыштырмалуу эки эсеге көбөйтүп, 100 миллиард сомго жеткирүүнү убада кылган.

Бажы кызматы быйылкы жылдын алгач беш айында 23 миллиард 408 миллион сом бажы төлөмүн чогултканын жарыялады.

Бирок ага чейин Бажы кызматынын төрагасы Самат Исабеков беш айда бажыдан 33 миллиард сом чогултулганын кабарлаган эле. Кийин бул маалымат чындыкка жатпай турганы, иш жүзүндө 23 миллиард сом экени дайын болду.

Самат Исабеков
Самат Исабеков


Муну Бажы кызматынын төрагасынын орун басары Улан Кимсанов ырастап, анын себебин түшүндүргөнгө аракет кылды:

"33 миллиард сом деп айтылып калган экен. Биз да аны көргөнбүз. Мындай сан айтылгандын негизи бар эле. Бул жерде айырма болуп жатат. Биз чогулткан бажы төлөмү менен ЕАЭБден келген төлөмдө айырма болууда. Бирок азыркы учурга чейин 23 миллард 408 миллион сом чогултулду".

Бул сан былтыркы жылдын ушул мөөнөтүнө караганда 7 миллиард сомго көп болгону менен өкмөт айткан амбициялуу планга жетпей жатканы байкалат.

Бирок парламентте айрым депутаттар бажыдагы өкмөттүн планын аткарууда маселелер бар экенин билдирген. Өкмөт азырынча бажыдагы төлөмдөрдү чогултуу боюнча иштери өз каалагандай кетпей жатканын мойнуна ала элек.

Азырынча бажыдагы коррупция боюнча кайсы бир адамдын ысымы атала элек. Анткен менен ишкерлер, соодагерлер арасында учурдагы бийликке жакын адамдардын бул тармакка таасири, көзөмөл кылуу аракети жөнүндө чакан чөйрөдө сөздөр жүрүп жатат.

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Абдывахап Нурбаев бийлик азыртадан бажыдагы ачыктыкка көңүл бурбаса, мурдагылардын катасын кайталашы мүмкүн деп эскертти:

"Акылбек Жапаровдун өкмөтү өтө көп убадаларды берген. Тилекке каршы, аларды аткарылышы сезилбей жатат. Эмнеге бул пландар аткарылбай жатканын ачык түшүндүрүп берсе жакшы болмок. Ачыктык жок болгондуктан, күмөн саноо абдан көп. Бажы мурдагыдай эле схемалар иштеп жатат, жаңыдан кайсы бир "миллион" деген каймана атка конгон адамдар пайда болду деп жатышат. Ушунун баарын ачык иликтеп маалымат берсе жакшы болмок".

Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев болсо бажыда мурдагыдай ири коррупциялык схемалар кайрадан пайда болду дегенге ишенбейт. Бирок ал бажы тармагынын ишине аралашып, "үлүшүн" алып тургандар бар экенин билдирди.

"Мурдагыдай чоң схема азыр жок. Бажы кызматында мурда менин колумда иштеген кызматкерлердин айтымында, бул тармакка "мурдун тыккан" аттуу баштуулар болуп жатат. Алар жүктөрдү ташууга, инфраструктуралык долбоор, растаможка сыяктуу иштерге аралашып, өзүнүн үлүшүн алып жатканы жөнүндө маалыматтар айтылып жатат".

Кыргызстанда бажы системасы эң коррупциялашкан тармактардын бири катары саналат. Бул коррупциялык схемалар боюнча жаңжал 2018-жылдан тарта коомчулуктун назарында болгон. Бул темадагы журналисттик иликтөөнү «Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө» долбоору (OCCRP) жана «Клооп» порталы жарыялаган.

Анда бажыдагы коррупцияга Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун тиешеси бар экенин таап чыгышкан. Бул иликтөө коомчулукта резонанс жаратып, коррупциялык схеманы түзгөндөрдү жоопко тартуу талабы менен Бишкекте «Реакция» аттуу нааразылык акциялар өткөн.

Райымбек Матраимов сот залында
Райымбек Матраимов сот залында

Ал кездеги бийлик жемкордук схема тууралуу жетиштүү факты жок экенин айтып, өз убагында чара көргөн эмес. Айрым талдоочулар 2020-жылы парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразылыкка дал ушул бажыдагы коррупцияга чара көрүлбөгөнү кошул-ташыл болуп, Сооронбай Жээнбековдун бийлигинин кулашын шарттаганын айтып келет.

Анын ордуна бийликке келген Садыр Жапаров Бажыдагы коррупция кылдат иликтенип, Райымбек Матраимов жоопкерчиликке тартыларын убада кылган эле. Кийин Матраимов кармалып, ал жана бажыдагы башка кызмат адамдары бажы системасында коррупциялык схема түзгөнү аныкталганын, аны моюнуна алганын жарыялаган.

Бирок Райымбек Матраимов мамлекетке 2 миллиард сом төккөндөн кийин эркиндикке чыккан.

Андан бери бийлик Бажыдагы коррупцияны жок кылуу боюнча аракеттер жүрүп келгенин билдирет. Былтыр күзүндө бул тармактын башына келген Адилет Кубанычбеков жыл башында коррупцияга шектелип кармалып, үй камагына чыккан.

Анын ордуна келген Бажы кызматынын төрагасы Самат Исабеков бул системадагы контрабанданы калкалаган ири кызматкерлер бар экенин айтып, бирок алардын атын атоодон баш тарткан.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG