Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Август, 2022 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 10:26

Чек арадагы тоннелдер: аткезчилик амалы


УКМК тараткан сүрөттөр.

Соңку эки ай ичинде Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасынан аткезчилик үчүн казылган бир канча тоннел табылды.

Лифт курулган тоннел

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) Баткендин Кадамжай районунун Кайтпас айылындагы кыргыз-өзбек чек ара сызыгынын алдынан өткөн жашыруун тоннел күнүмдүккө керектүү товарларды, курал-жарак, баңгизат, акча өткөрүү жана мыйзамсыз миграция үчүн колдонулуп келгенин маалымдады.

Кадамжайда табылган тоннел.
Кадамжайда табылган тоннел.

Атайын кызмат жарыялаган фото-видеодо тоннелде лифт сыяктуу жабдуулар орнотулуп, кенен басып жүрүүгө, жүк ташууга ыңгайлуу экенин көрүүгө болот.

Жашыруун тоннелдин туурасы 1,5, бийиктиги 2,1, узундугу 60 метрди түзөт. Тоннел жайгашкан үйдүн ээси Ош облусунун тургуну экени аныкталып, тергөө жүрүп жатат.

Жашыруун тоннел боюнча Өзбекстандын бир катар маалымат каражаттары дагы маалымдады. Айталы gazeta.uz сайты өлкөнүн коопсуздук кызматына таянып, Фергананын Риштан районунун аймагындагы үйдөн аныкталган тоннелде лифт жана видео байкоо коюлганын жазган. Андан тышкары жалпы суммасы 15 млрд. сумду түзгөн телефондор табылган. Өзбекстанда буга байланыштуу кылмыш иши козголгон.

Чек ара аймактарында аткезчилик күчөдү

Кадамжай районунун Максат Акматов аттуу тургуну чек арага жакын аймактагы аткезчилик жөнүндө буларды айтып берди.

“Ферганага жакын болгону үчүн "Халмион" базарына мөмө-жемиш, азык-түлүк жана ар кандай товарлар чек арадагы үйлөр аркылуу өтөт. Өзбекстандыктар кара жумушка иштегени да аябай көп келишет. Кадамжай районунда соода жакшы болгондуктан, бул жакка иштегени келген милициянын чоңубу же башка аткаминерби дароо байып кетет деген сөз бар. Жашырганда эмне аткезчиликке аябай жакшы шарт түзүлгөн”, - деди Акматов.

Буга чейин дагы кыргыз-өзбек чек арасында үч тоннел табылган.

Бири 11-июнда Ош облусунун Кара-Суу шаарындагы үйлөрдүн биринен да аткезчилик үчүн Кыргызстан менен Өзбекстанды байланыштырган жер астындагы жашыруун тоннел болгон.

Ага чейин атайын кызмат 24-майда жана 7-июнда да Кара-Сууда Өзбекстанга өтчү эки жашыруун тоннел табылганын билдирген. Май айында табылган Кара-Суу районундагы Тельман айылынын аймагында Өзбекстанга өтчү жашыруун жер астындагы жолдун узундугу 270 метрге чейин жеткен.

Жашыруун тоннелдерге байланыштуу Кыргызстанда кылмыш иштери козголгон.

Өзбекстанда соттолгон аткезчилер

Жакында эле Өзбекстандын бир катар маалымат сайттары кыргыз-өзбек чек арасында тоннел казып, аткезчилик товар өткөргөндөр боюнча сот чечими чыкканын жазышты.

vzglyad.uz сайты бул уюшкан кылмыштуу топтун сегиз мүчөсүнүн алтоо кыргызстандык болгонун кабарлады. Сайттагы маалыматта алар 1 миллион доллардан ашуун накталай акчаны Өзбекстандан Кыргызстанга алып бара жатканда кармалып, 6-8 жылга соттолушкан. Бирок Кыргызстандын расмий органдары коңшу мамлекетте сот жообуна тартылган жарандары жөнүндө маалымат бере элек.

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Самат Исабеков парламенттин тармактык комитетинин 17-майдагы жыйынында чек ара тилкелери толук тактала элек жерлерде аткезчилик токтобой жатканын билдирген.

Ал депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, аткезчилик артында таасирдүү адамдар турганын кыйыткан.

Самат Исабеков.
Самат Исабеков.

“Таасирдүү адамдар бар. Материалдар прокуратурага өткөрүлүп берилген. Тергөө иштерине тоскоол болбошу үчүн бул купуя сыр катары сакталып турат”, - деген Исабеков.

Улуттук коопсуздук комитетине (УКМК) караштуу Чек ара кызматы 1-10-май аралыгында эле Баткен облусундагы кыргыз-өзбек, кыргыз-тажик чек арасынан 20га жакын аткезчилик аракети токтотулганын билдирген.

Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев аткезчиликке каршы күрөш тынбай жүрүп жатканын маалымдады.

“Билесиздер, аткезчилик чек ара чечилбегени үчүн токтобой жатат. Эки мамлекеттин айылдары жакын, шахмат түрүндө жайгашкан үйлөр бар. Андыктан аткезчиликти көзөмөлдөө татаал. Бирок күч органдары менен катуу иштеп, товардын чек арадан мыйзамсыз өтүшүн токтотууга аракет кылып жатабыз”.

"Аткезчиликтин изи Ак үйдө..."

Баткендик активисттердин бири Бакыт Акбалаев чек арадагы аткезчилик аны калкалаган таасирдүү адамдар кармалбай жатканы үчүн токтобой турганын айтты.

“Аткезчиликти тыйса болот, ал өзүбүздүн эркибизге жараша иш. Мамлекет башында турган адамдарда чындап тартипке келтирем деген ниет болсо, ал бат эле ишке ашат. Азыр аткезчилик менен алектенгендер ошол контрабандага каршы кызматтарды багып жатпайбы. Эл болсо кайдыгер. Айтсам, мага залакасы тийет деп коркот. Аткезчилик кылгандардын акчасы Ак үйгө чейин жетүүдө”, - деди Акбалаев.

Кыргызстандын Өзбекстан, Тажикстан менен чектеш аймактарындагы аткезчилик маселеси парламентте байма-бай көтөрүлүп келет.

УКМКнын Чек ара кызматынын эсебинде, 2021-жылы Баткен облусунун аймагында аткезчилик менен жүк ташыган 170 учур аныкталды. Кармалган мыйзамсыз жүктөрдүн жалпы суммасы 60 млн. сомдон ашкан.

Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасынын жалпы узундугу жалпысынан 1378 чакырым. 2017-жылкы макулдашуунун негизинде чек аранын 1170 чакырымы (85%), андан бери дагы 13% жакыны такталган.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасынын узундугу 970 чакырым. Апрель айында кыргыз-тажик президенттери эки мамлекеттин чек арасынын 660 чакырымдан ашыгы такталганын жарыялашкан.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG