Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:05

Кыргыз-өзбек чек арасында дагы бир мыйзамсыз тоннель табылды


Кыргыз-өзбек чек арасында табылган тоннель. Архивдик сүрөт.
Кыргыз-өзбек чек арасында табылган тоннель. Архивдик сүрөт.

Улуттук коопсуздук мамлекттик комитет 11-июнда Ош облусунун Кара-Суу шаарындагы үйлөрдүн биринен аткезчилик үчүн Кыргызстан менен Өзбекстанды байланыштырган жер астындагы жашыруун тоннель табылганын билдирди.

Маалыматка карганда, үйдүн ээси М.И.М. аттуу Кыргызстандын жараны сурак учурунда өзбекстандык Рустам атуу шериги менен коңшу өлкөгө товарларды жана чет элдик валютаны мыйзамсыз алып өтүү үчүн тоннелди бирге казышканын айткан. Шектүү күнөөсүн моюнга алып, кылмыштын бардык жагдайларын тактоо үчүн тергөө органдары менен кызматташууга даяр экендигин билдирген.

УКМК 24-майда жана 7-июнда да Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунда Өзбекстанга өтчү эки жашыруун тоннель табылганын кабарлаган.

Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасынын жалпы узундугу жалпысынан 1378 чакырым. 2017-жылкы макулдашуунун негизинде чек аранын 1170 чакырымы (85%), андан бери дагы 13% жакыны такталган. (JsA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG