Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:32

ИИМ ооганстандык жаран ири көлөмдөгү баңгизат менен кармалганын билдирди


ИИМ тараткан сүрөт.
ИИМ тараткан сүрөт.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы Баткен облусунда Европага баңгизат жеткирүүнү көздөгөн жаранды кармаганын билдирди.

Шектүү Ооганстандын 42 жаштагы жараны болгон. Анын жанынан жети килограммдай “героин” жана тогуз килограммдан ашык “гашиш” баңгизаты табылган.

ИИМдин маалыматында кармалган адам баңгизаттарды Орусияга, андан ары Европа өлкөлөрүнө жеткирүүнү көздөгөнү айтылат.

Кармалаган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилип, Кылмыш-жаза кодексинин "баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо" беренеси боюнча сотко чейинки териштирүү башталды.

2020-жылы баңгизаттарына байланыштуу 795 кылмыш иш катталып, күч органдары 4 тонна 943 килограмм баңгизатын алган. 2021-жылы 990 кылмыш катталып, 4 тонна 202 килограмм маңзат алынган. (JsA)

XS
SM
MD
LG