Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:48

Кыргызстанда желим баштык колдонууга тыюу салуу сунушталды


“Кыргыз Республикасынын аймагында полимер пленкасынан пакеттерди жүгүртүүнү чектѳѳ жѳнүндѳгү” мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары жана экология боюнча комитетте каралды.

Мыйзам долбоорду иштеп чыккан депутат Марлен Маматалиевдин айтымында, документ полимердик материалдардын ден соолукка жана айлана-чөйрөгө зыянын азайтууну көздөйт. Ага ылайык, өлкө аймагында бир жолу колдонулчу желим баштыктарды алып кирүүгө, өндүрүүгө жана сатууга тыюу салуу сунушталууда.

Буга чейин айрым депутаттар Ысык-Көлдүн аймагына желим баштыктар менен идиштерди алып кирүүгө тыюу салуу жөнүндө мыйзам долбоорун сунушташкан.

Кыргызстанда күн сайын же жылына канча желим идиш колдонулары эсептелген эмес. Бирок өлкөдө желим буюм-тайым чыгарган жеке ишканалар көбөйгөн.

"Тазалык" муниципалдык ишканасы 2019-жылы Бишкекте күн сайын 500 тоннанын тегерегинде таштанды чыгарарын жарыялады. Активисттердин эсебинде, чыгарылган таштандынын 40 пайызын полиэтиленден жасалган буюмдар түзөт.(BkA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG