Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:38

SIPRI: Өзөктүк курал колдонуу коркунучу «кансыз согуш» доорунан бери мынчалык жогору боло элек болчу


Өзөктүк курал колдонуу тобокелдиги «кансыз согуш» доорунан бери мынчалык жогору боло элек болчу. Тынчтыкты изилдөө боюнча Стокгольмдогу эл аралык институт (SIPRI) ушундай тыянакка келди.

Жаңы докладда айтылгандай, атомдук куралы бар мамлекеттердин - Орусия, АКШ, Британия, Франция, Кытай, Индия, Пакистан, Израил жана Түндүк Кореянын риторикасы күчөгөнү, кырдаал курчуп баратат. Эксперттер былтыр өзөктүк дүрмөт ташыган ракеталардын саны азайганы менен, сөз болгон өлкөлөр алдыңкы жылдары арсеналдарын көбөйтүүнү жана модернизациялоону көздөшүүдө деп белгилешет.

Изилдөөчүлөр мамлекеттер ортосундагы мамилелер начарлагандыктан, атомдук дипломатия чөйрөсүндө да маселелер жаралганын айтышат. Орусия украин согушунун контекстинде өзөктүк курал колдонуу ыктымалдыгы менен коркутуп келатат. Уруш тутангандан бери Москва менен Вашингтондун стратегиялык стабилдүүлүк чөйрөсүндөгү сүйлөшүүлөрү дээрлик токтоп калды. Андан тышкары БУУнун Коопсуздук кеңешинин туркутуу мүчөлөрү – Кытай, Орусия, Франция, АКШ жана Британия өзөктүк куралга тыюу салууну караган келишимге кошулган жок. Ал эми Иран менен тиешелүү макулдашуу жаатында да жылыш байкала элек, - деп айтышат эксперттер.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG