Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:24

Акылбек Жапаров: ККМди коюуну убактылуу токтотуп турабыз


Акылбек Жапаров.
Акылбек Жапаров.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 13-июнда өкмөт үйүнүн алдына көзөмөл-кассалык аппаратына (ККМ) каршы нааразылык акцияга чыккан соодагерлер менен жолукту.

Дүкөн иштеткендер ККМ жана эсеп-фактуранын киргизилишине каршы экенин айтып, патент системасы калсын деген талаптарын коюшту. Бишкектен жана өлкөнүн башка аймактарынан келген соодагерлер ККМ колдонбогондорго айып салынып жатканын айтып арызданышты.

Акылбек Жапаров митингге чыккандардын арасынан он чакты өкүлдү кошуп алып маселени чечүүнүн жолун караштырып чыгарын айтты. Ал ККМ менен эсеп-фактура чоң ишканалар үчүн жокко чыгарылбай турганын кошумчалады.

“Мен эсеп-фактураны өндүрүүчүлөрдөн сурап атам. Эгерде арак завод 12 машина арак чыгарып, мага бир фураныкын көрсөтүп койсо мен эмне кылам? Мага силер жардам бергиле. Азыр “Кока коласын” да “Шоросун” да ирээттейбиз. Эсеп-фактура ошолордо. Товар таза, туура экенин ошолор далилдеп бериши керек. Эсеп-фактура өзүнчө – бул байлардыкы. Арак, тамеки, дары-дармек, нефти саткандар ККМди да, эсеп-фактураны да колдонот. Ал эми тамак-аш, ун, шекер саткандарды ККМден керек болсо бошотуп койгонго да даярмын. Мага он кишини бергиле. Биз иштейли. Ага чейин ККМди коюуну, айып пулду салууну да токтото турабыз. Анан ар бир аймакка карата патенттин баасын карап чыгабыз”, - деди Жапаров.

Көзөмөл-кассалык аппараттына (ККМ) каршы митингге чыккан соодагерлер. 13-июнь, 2022-жыл.
Көзөмөл-кассалык аппараттына (ККМ) каршы митингге чыккан соодагерлер. 13-июнь, 2022-жыл.

Жаңы Салык кодексине ылайык, өлкө аймагындагы соода-сатык, жумуш аткаруу, тейлөө субъектилери накталай жана накталай эмес эсептешүүдө милдеттүү түрдө ККМ колдонушу керек. Мындай талап 1-августтан тартып коюла баштайт.

Бир катар ири базарларда иштеген соодагерлер буга карата нааразылыгын билдирип, митинг-пикет өткөрүп келе жатышат. Алар ККМ колдонсо товарын кымбаттатууга мажбур болорун айтууда.

Акылбек Жапаров 11-июнда Бишкектеги “Дордой Фуд” азык-түлүк базарында эмгектенген ишкерлер менен жолугуп ККМ көмүскө экономиканы жана аткезчиликти азайтууга жардам бере турганын айтты. Ал эсеп-фактура мыйзамсыз соода-сатык менен алектенгендерди аныктоого жардам берерин түшүндүргөн. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG