Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:28

Жылдыз Бакашова Тарых музейине директор болуп дайындалды


Жылдыз Бакашова
Жылдыз Бакашова

Жылдыз Бакашова Бишкектеги Мамлекеттик тарых музейине директор болуп дайындалды. Бул маалыматты Министрлер кабинетинен "Азаттыкка" ырасташты. Маалыматка ылайык, буга чейин сот чечими менен Тарых музейин жетектеген Кеңешбек Алмакүчүковдун кызматы калыбына келтирилген. Бирок дароо кызматтан кетүү тууралуу арызын жазып бергенине байланыштуу музейдин директорлугуна Жылдыз Бакашова дайындалды.

"Азаттык" радиосу Алмакүчүковдун эмне себептен кызматтан баш тартканы боюнча комментарий ала алган жок.

Бир катар жергиликтүү маалымат каражаттары Тарых музейинин жамааты Бакашеванын директорлук кызматка дайындалышына наарызы экени жөнүндө жазып чыкты.

62 жаштагы Жылдыз Бакашова буга чейин Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары болуп иштеген. Ага чейин 15 жылга жакын Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканада директор болуп турду.

Бишкектеги Тарых музейин беш жылга жакын оңдоп-түзөө иштеринен кийин былтыр күзүндө гана ачылган.

Жаңыланган музейге байыркы таш доорунан баштап Кыргызстандын эгемендик алганга чейинки тарыхын чагылдырган эстеликтердин түп-нускалары коюлган.

Буга чейин "Клооп" порталы 2016-жылдагы музейде чыккан өрттөн улам бир катар экспонаттар жараксыз болгонун иликтеп чыккан. Бирок өкмөт бул боюнча эч кандай комментарий бербей келет.(BkA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG