Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:38

Борис Немцов атындагы сыйлык Владимир Зеленскийге ыйгарылды


 Владимир Зеленский.
Владимир Зеленский.

Бул жылы Борис Немцов атындагы сыйлык Украинанын президенти Владимир Зеленскийге ыйгарылды. Бул тууралуу жекшембиде Борис Немцов атындагы “Эркиндик үчүн” фонду билдирди.

Фонд быйыл сыйлыкка Украинанын өкүлдөрүн гана көрсөтүүнү чечкен. Алардын арасында Киевдин мэри Виталий Кличко, Украинадагы “Голос” партиясынын негиздөөчүсү, рок ырчысы Святослав Вакарчук, согуштук медициналык ыктыярчылар отрядынын негиздөөчүсү Юлия Паевская, Украинанын президентинин аппарат жетекчисинин кеңешчиси Алексей Арестович да бар.

Орусия Украинанын аймагына 24-февралда басып кирген, андан бери эки тараптан тең миңдеген адам өлүп, салгылашуу уланууда. Москва “атайын операция” деп атаган согушту эл аралык коомчулук сындап келүүдө.

Орусиядагы оппозициячыл саясатчы Борис Немцов 2015-жылдын 27-февралында Москвада өлтүрүлгөн. Буга байланыштуу чеченстандык беш адам камалган. Саясатчынын тарапташтары иликтөө тийиштүү түрдө жүрбөгөнүн, өлтүрүүгө буйрук берген адам аныкталбаганын билдирип келишет. Алар бул үчүн Орусиянын президенти Владимир Путинди да күнөөлөп жүрүшөт. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG