Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:58

Тажик бийлиги Хорогдо эки адам жок кылынганын билдирди


Зоир Ражабов жана Хурсан Мазоров.
Зоир Ражабов жана Хурсан Мазоров.

Тажикстандын укук коргоо органдары “бийликтин багынып берүү талабына баш ийбегендиктен” Хорог шаарынын бейрасмий лидерлери Хурсан Мазоров менен Зоир Ражабов “атайын операциянын” жүрүшүндө өлтүрүлгөнүн билдирди.

“Азаттыктын” тажик кызматы Pamir Daily News порталына шилтеме берип жазганына караганда, Мазоров жана Ражабов өздөрүн жардырып жиберген. Тоолуу Бадахшан автономдуу облусунда телефон жана интернет байланышы жок болгондуктан, көз карандысыз булактардан маалымат алуу дээрлик мүмкүн эмес.

Коопсуздукту жана коомдук тартипти сактоо боюнча облустук штаб 12-июнь күнү кечинде билдиргендей, Хурсан Мазоров менен Зоир Ражабов “тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн укук коргоо органдарына расмий түрдө бир нече жолу чакырылган. Бирок алар бул талапты аткаруудан баш тарткан”.

Расмий маалымат боюнча, Мазоровго Кылмыш-жаза кодексинин 11 беренеси, анын ичинде терроризм, адам өлтүрүү, баңгизатын сатуу менен кылмыш иши козголгон. Ал эми Ражабовго сегиз берене, анын ичинде терроризм, мамлекеттик бийликтин имараттарын жана курулуштарын басып алуу, улут аралык кастыкты козутуу менен айып коюлган. Экөө тең 50 жашта болгон.

14-майда Хорог шаарынын жүздөгөн тургуну митингге чыгып, автоном облустун башчысын жана мэрди кызматтан кетирүүнү, шаардын борбордук бөлүгүндөгү блокпостторду алып салууну, Бадахшандын тургундарын куугунтуктоону токтотууну талап кылышкан.

Көп узабай тажик бийлиги чөлкөмдө “антитеррордук операция” баштаган. “Сегиз жоочу жок кылынганын, 11и жарадар болгонун” маалымдаган. 100дөн ашык адам кармалганы ырасталган. Жергиликтүү жашоочулар каза тапкандар мындан көп деп айтышат.

31-майда “антитеррордук операциянын” жүрүшүндө Рушан районунун Дерзуд айылынын дагы беш тургуну өлтүрүлгөнү белгилүү болгон.

27-майда “Хьюман Райтс Уотч” (HRW) эл аралык укук коргоо уюму “Тажикстандын бийлиги нааразылыкка чыккандарды куугунтуктоону токтотуп, аларга каршы жасалган кылмыштарды иликтеши керек” деп билдирген. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG