Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:13

Тажик бийлиги Тоолуу Бадахшанда беш киши жок кылынганын билдирди


“Антитеррордук операцияда" набыт кеткендер
“Антитеррордук операцияда" набыт кеткендер

Тажикстандын Тоолуу Бадахшан автономдуу облусунда “антитеррордук операциянын” жүрүшүндө Рушан районунун Дерзуд айылынын беш тургуну өлтүрүлдү. Бул тууралуу маалымдаган тажик Ички иштер министрлиги аларды “уюшулган кылмыштуу жана террордук топтун мүчөлөрү” деп атады. Маркумдардын жакындары алар куралсыз, жөн-жай тургундар экенин айтууда.

Рушандыктар кандай жагдайда набыт болгону белгисиз. Министрлик алар “куралдуу каршылык көргөзгөндө жок кылынганын”, 18-майдан бери расмий издөөдө жүргөнүн билдирди.

Аймак менен телефон жана интернет байланышы жок болгондуктан, көз карандысыз булактардан маалымат алуу дээрлик мүмкүн эмес.

Вамар айылынын дагы бир тургуну, тартип коргоочулар “террордук топтун жетекчиси” деп атаган киши кармалганы кабарланды.

Министрликтин маалыматына караганда, окуя Тажикстан менен Ооганстандын чек арасына бир километрдей жакын жерде болду. Ал жакта автомат, пулемет өңдүү курал-жарак табылган. Бул маалыматты да көз карандысыз булактар тарабынан бышыктоо мүмкүн эмес.

Тоолуу Бадахшандагы абал үч аптадан бери курчуп турат. 14-майда Хорог шаарынын жүздөгөн тургуну митингге чыгып, автоном облустун башчысын жана мэрди кызматтан кетирүүнү, шаардын борбордук бөлүгүндөгү блокпостторду алып салууну, Бадахшандын тургундарын куугунтуктоону токтотууну талап кылышкан.

Көп узабай тажик бийлиги чөлкөмдө “антитеррордук операция баштаган. "Сегиз жоочу жок кылынганын, 11и жарадар болгонун” маалымдаган. 100дөн ашык адам кармалганы ырасталган. Жергиликтүү жашоочулар каза тапкандар мынан көп деп айтышат.

27-майда "Хьюман Райтс Уотч" (HRW) эл аралык укук коргоо уюму "Тажикстандын бийлиги нааразылыкка чыккандарды куугунтуктоону токтотуп, аларга каршы жасалган кылмыштарды иликтеши керек” деп билдирген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG