Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:20

Ирандын акчасы тарыхта болуп көрбөгөндөй күчүн жоготту


АКШ доллары жана Ирандын риалы. Иллюстрациялык сүрөт.
АКШ доллары жана Ирандын риалы. Иллюстрациялык сүрөт.

АКШнын уланып жаткан санкцияларынын фонунда Ирандын улуттук валютасынын долларга карата курсу тарыхта болуп көрбөгөндөй чекке чейин түштү.

Bonbast.com акча алмашуу сайтындагы маалыматка ылайык, ушул күндөрү 1 доллар 332 000 миң иран риалына барабар болуп калды. Июндун башында эле чет элдик валюта бул өлкөдө 318 000 миң риалга сатылган.

2015-жылы Иран менен алты мамлекет (Кытай, Орусия, Германия, Франция, АКШ жана Британия) макулдашууга жетишкен. Ага ылайык, Ислам жумурияты өзүнүн өзөктүк программасын чектеп, бул үчүн санкциялар акырындык менен алынмак. Ошол учурда доллар 32 000 риал турган.

2018-жылы президент Дональд Трамптын билдирүүсү менен АКШ келишимден чыгып кетип, жазалоочу чаралар кайрадан киргизиле баштады. Натыйжада Ирандын экономикасына жана валютасына дагы сокку урулду. Мындан улам Иран өз милдеттемелерин аткаруудан баш тарткан.

Жаңы келишим боюнча Венадагы сүйлөшүүлөр былтыр апрелде башталганы менен тараптар бир пикирге келе албай жатат. Жыл башында Батыш өлкөлөрү ал чечүүчү чекке келип калганын кабарлашкан. Тегеран санкцияларды жумшартуу шарты менен өзөктүк курал программасына чектөө киргизүүгө макул болгону турат. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG