Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:24

БУУ: украиналык 3,2 миллион качкын Евробиримдиктен башпаанек алды


Украиналык качкындар Латвиядагы бозгундарды кабыл алуу борборунда. Рига, март, 2022-жыл.
Украиналык качкындар Латвиядагы бозгундарды кабыл алуу борборунда. Рига, март, 2022-жыл.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) маалыматына караганда, үч миллиондон ашуун украиналык жаранга Евробиримдиктин аймагында убактылуу коргоого алынганын тастыктаган макам берилди. Муну менен алар Евробиримдикте жашоого жана иштөөгө мүмкүнчүлүк алышты. Согуш башталгандан бери Евробиримдикке дээрлик беш миллион украиналык качкын келгени расмий катталган. Алардын көбүн Польша, Чехия жана Германия кабыл алган.

Качкындардын саны мындан көп экени айтылууда. Анткени, бозгундардын айрымдары Евробиримдиктен нары башка өлкөлөргө кетет. Согуш башталгандан кийин Украинадан Евробиримдик өлкөлөрүнө келгендердин бир бөлүгү мекенине кайткан.

9-июнга карата Польша миллиондон ашуун, Германия 780 миң, Чехия 366 миң качкынды кабыл алган. Орусия БУУга Украинадан бир миллиондон ашык качкын кабыл алынганын билдирген, бирок алардын канчасы Орусияда кандайдыр бир расмий макамга ээ болгону жана канчасы мекенине кайтып келиши мүмкүн экендиги тууралуу маалымат берген жок. Украин бийликтери бул окуяда кеп качкындар жөнүндө эмес, депортацияланган адамдар жөнүндө болуп жатканын айтып, Орусияны алардын укуктарын бузду деп айыптоодо.

Орусия Украинанын аймагына 24-февралда бастырып кирген, андан бери миңдеген адам өлүп, салгылашуу уланууда. Москва "атайын операция" деп атаган согушту эл аралык коомчулук сындап келатат. (SE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG