Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:11

Президент элди туристтерге меймандос болууга чакырды


Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

Президент Садыр Жапаров кыргызстандыктарды өлкөгө келчү туристтерге меймандос болуп, ар бир чет элдик жаранга бийик маданиятты тартуулоого чакырды. Мындай мазмундагы пикирин 12-июнда Фейсбукка жана Инстаграмга жазды.

Мамлекет башчысы быйыл өлкөгө келчү туристтердин саны көп болушу мүмкүндүгүн белгилеп, туризм казынаны толтуруунун булагы экенин билдирди.

Кыргызстанда 2022-2023 туристтик сезону май айынын ортосунда расмий ачылган.

Кыргызстандагы туризм тармагындагы негизги көйгөйлөр катары жол, даараткана, таштанды, тейлөө жана коопсуздук маселелери айтылып келет.

17-мартта кыргыз өкмөтү "Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду" ачык акционердик коомун түзүп, уставдык капиталын 1 млрд. сом деп белгилеген. Фонд ички туризмди өнүктүрүүгө багытталган демилгелерди ишке ашыруу менен алектенет.

Быйыл Кыргызстанда жол жүргөн туристтерди тейлөө үчүн 68 атайын эс алуучу жай ачуу пландалган.

Кыргызстанда учурда 67 өлкөнүн жарандарына визасыз режим иштейт. Чек ара кызматынын маалыматына таянып, турист катары келүүчүлөрдүн эң көбү Казакстан, Өзбекстан, Орусия, Европа жана Араб өлкөлөрүнүн жарандары. (SE)

XS
SM
MD
LG