Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:04

Туризм кылдат мамилеге муктаж


Ысык-Көл
Ысык-Көл

17-майда Ысык-Көлдө быйылкы туристтик сезон расмий ачылды.

Ага даярдык кандай? Эс алуучу жайлардагы экологиялык-техникалык коопсуздук жайындабы? Чет элдиктерди тартуу багытында быйыл кандай жаңылыктар кирет? Туристтер эмнеге ыраазы, кайсы жагдайга нааразы болуп кетип жатышат? Ушул ж. б. суроолорго «Арай көз чарай» берүүбүздөн жооп издедик.

Талкууга Мамлекеттик туризм департаментинин жетекчиси Максат Дамир уулу, Мамлекеттик экологиялык техникалык коопсуздук кызматынын бөлүм башчысы Талантбек Кожоев, «Таргет Туризм» компаниясынын жетекчиси Кумар Каримов катышты.

«Азаттык»: - Былтыр өлкөгө келген туристтердин саны 7 миллион киши болгону тууралуу расмий билдирүү айтылды. Максат мырза, быйылкы божомолдор кандай?

Максат Дамир уулу.
Максат Дамир уулу.

Максат Дамир уулу: - 2018-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстанга 7 миллионго жакын турист кирип чыккан. Ал эми быйылкы жылга 7,5 миллиондон ашык болот деп болжоп жатабыз.

Бирок Улуттук статистика комитети «расмий катталып, өлкөгө акча коротуп кеткен 1 миллион 400 миң турист кирди» деп жатат. Биз да ошого жараша андай туристтерден 1 миллион 600 миңден аз келбеши керек деп болжоп жатабыз.

Алыстан келген туристтер да бар. Кыргызстанда 2012-жылдан бери визасыз кирүү мыйзамы иштейт. Ошол мыйзамга жараша 45 мамлекеттен келген туристтердин катары көбөйүүдө.

Кыргызстанга Өзбекстандан, Казакстандан, Орусиядан сырткары Америкадан, Германиядан, Түштүк Кореядан, араб өлкөлөрүнөн да туристтер кирип жатат.

«Азаттык»: - Талантбек мырза, пансионаттарды текшерүү качан башталды жана кандай өтүп жатат? Кандай кемчиликтерди таптыңыздар?

Талантбек Кожоев.
Талантбек Кожоев.

Талантбек Кожоев: - Жылдын башында өкмөттүн токтому менен чарбалык субъектилерди текшерүүгө эки жылдык мораторий киргизилген.

Бирок буга карабастан Ысык-Көл облусунда үч айлыктын алкагында, андан сырткары райондук администрациянын алкагында түзүлгөн жумушчу топтор бар. Булар эс алуу жайларын 2019-жылдын жайкы туристтик сезонуна даярдык жагынан текшерип турат.

Мораторийге карабастан биздин аймактык башкармалык жер-жерлерде сезон башталганга чейин баарына жазуу түрүндө эскертме буйрук берген. Өрт коопсуздугу боюнча, энергетикалык жана экологиялык коопсуздук боюнча тапшырмалар берилип, бүгүнкү күндө жумуштар жүрүүдө.

Райондук администрациянын алкагында түзүлгөн он чакты жумушчу топ жер-жерлерге барып, эс алуу жайынын туристтик сезонго даярдыгын текшерип, акты түзүп, ошонун негизинде паспорт берилет.

«Азаттык»: - Кумар мырза, келип-кетип жаткан туристтер Кыргызстандагы туризмди кандай сыпатташууда?

Кумар Каримов.
Кумар Каримов.

Кумар Каримов: - Кыргызстанга келген туристтердин көбү биздин экотуризмге, жайлоо туризмине кызыгат. Ал эми нааразы болгондору тейлөө, эл аралык стандарттагы даараткана, инфратүзүм болсун дешет.

«Азаттык»: - Жайлоодогу таштандыларга кимдер жооптуу?

Талантбек Кожоев: - 2009- жылдын башы менен жаңы мыйзамдарга жана кодекстерге өзгөртүүлөр киргизилген. Көзөмөлдөө жагы Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекцияга тапшырылган. Ал эми таштандыларды көзөмөлдөө жагы жергиликтүү башкаруу органдарына өткөрүлүп берилген.

Быйылкы туризмден эмнени күтсө болот?
please wait

No media source currently available

0:00 0:25:16 0:00
Түз линк

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG