Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:56

Өзбекстан адал туризмди өнүктүрөт


Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Ташкент шаарында, 10-май, 2019-жыл.
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Ташкент шаарында, 10-май, 2019-жыл.

Дүйнөлүк басма сөзгө баяндама (13-20-май).

Дүйнөдө адал туризм агымы өрчүгөн сайын Өзбекстандын исламий туризм өлкөсүнө айлануу мүмкүнчүлүгү артып баратканын "The Diplomat" журналы жазды.

Бухари, Тирмизи, Ал Матруди, Нашкбанди, Ал Замакшари деген таанымал исламий аалымдардын бейиттери дал ушул өзбек жергесинде жайгашкан. Ушундан улам бул өлкө ислам дүйнөсүндөгү зыяратчылардын жаңы ордосуна айланышы толук ыктымал.

Исламий жана адал туризмге багытталган "Жарым ай" аттуу топ 2026-жылга чейин “адал туристтердин" саны 230 миллионго жетерин божомолдойт.

Пью изилдөө борбору 2050-жылга чейин дүйнө элинин 30 пайызы мусулман болорун эскертет. Дал ушул санды Өзбекстандын туризм сектору өз пайдасына колдонсо болот.

"Жарым ай" тобу мусулман өлкөлөрүнүн ичинен Өзбекстан коңшу Тажикстан, Кыргызстан жана Казакстандан 2017-жылкы дүйнөдөгү мусулмандардын туризм индекси боюнча артта калып жатканын, бирок Ташкенттин эки жыл мурда туризм саясатына киргизген жаңылануусунан кийин өлкөдө туристтер үчүн инфраструктура жакшырганын белгиледи.

Буга кошумча Өзбекстан адал туризм жаатында Пакистан, Түркия менен эки тараптуу келишимге кол койду.

Азыркы тапта бул өлкөгө барган чет элдиктер Ташкент, Бухара жана Самаркандды тарыхый эстеликтерге бай шаар катары гана кабылдайт. Басылма Өзбекстанда исламий туризмдин дарамети өтө жогору жана инвесторлорду талап кыларын кеңири баяндаган.

Түштүк Кореяны байырлаган мигранттар

"Eurasinet" басылмасы Борбор Азиядан Түштүк Кореяга иш издеп баргандар көбөйүп, алар бул өлкөнү Орусияга салыштырмалуу иштөө шарттары жакшы жана келгиндерди кемсинтпегени үчүн тандап аларын баяндайт.

Пусандагы орус кемеси
Пусандагы орус кемеси

"Чакан мечиттеги жума намаздан кийин Түштүк Кореянын эң ири алты шаарынын бири Кванжу калаасында борбор азиялык мигранттар "Түркстан" чайканасына кирип, самса менен чай ичет, айрымдары жумуш издеп, телефонуна үңүлөт.

Бул шаарда өзбек, казак, кыргыз мигранттарынын саны сегиз миңден ашты", - деген басылма Борбор Азиядан барган корейлер менен башка улуттардын өлкөдөгү абалын салыштырган.

Мисалы, башка өлкөдөн барган корейлер каалаган жеринде иштей алат, ал эми Орусиянын жана Казакстандын жарандарына визасыз кирүү жеңилдиги берилген. Бирок мындай мүмкүнчүлүк башкаларда жок. Анткен менен Казакстан, Кыргызстан жана Өзбекстандан бул өлкөгө баргандардын аягы тыйыла элек. Алардын бири, ташкенттик Роман Ким Түштүк Кореяда орус тилдүү онлайн топторду ачып, жаңы барган мигранттарга иш табуу, расмий катталуу сыяктуу кеңештерди берип келет.

Мигранттардын көбү Кореяда 12-16 сааттык курулушта, фабрикадагы оор жумуштарга тартылган. Орточо айлык 1 350 АКШ долларынын тегерегинде. Анткен менен алардын мыйзамдуу катталуусу көйгөйлүү маселе.

Мисалы, отуздан эми өткөн казакстандык Жанна ар кайсы жумушта иштеп, мигранттар айдаган таксилерге гана түшөт. Ал кокус полицияга кармалып калса, каттоосуз жүргөнү үчүн депортация болуудан чочулайт.

Ал эми кыргызстандык жубайлар Рустам менен Таня Бишкектеги бизнесин таштап, Түштүк Кореянын Ансан шаарында 2014-жылдан бери иштеп жүрүшөт. Рустамга иш орду жакканы менен, келинчеги Таня кем-карчына жеткидей акча чогултса эле мекенге кете турган күндү самайт. Рустам Түштүк Кореяда аларды эч ким кемсинтпегенин, сый-урмат менен мамиле кылышарын айткан.

Кыргызстанды кыя албаган немистер

Кыргызстанда Чүй өрөөнүнүн Рот-Фронт айылындагы менонит чиркөөсүнүн эшиги ар дайым ачык. 500 жыл мурда Европадагы христианчылыктын бир агымы катары негизделген немис тилдүү менонитчилик Рим католик чиркөөсүнүн, Орус империясынын, кийин Советтер Союзунун кысымына карабай, тоолуу Кыргызстандын чакан айылында ишмердигин улантып жатканын "The New York Times" гезити жазды.

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

"Рот-Фронтто жашагандардын басымдуусу - кыргыздар. Азыркы тапта айылда миңге жетпеген немис улутундагылар калган. Көбү Германияга жер которгон.

Ысык-Ата районундагы бул айылда калган немистер 1500-жылы негизделген Рим жана православ чиркөөсүнүн принциптерин реформалоого багытталган менонит агымына ишенет. Рот-Фронтто алар сыйынган чоң жайга жанаша мусулмандардын чакан мечити жайгашкан. Кызыгы айылдан кеткен немистердин арасында Германиядан өз ордун таба албай, кайра кайтып келгендер да жок эмес.

Маселен, 59 жаштагы Андрей Келлер 2011-жылы Германияга көчүп кеткен. Европадан иш таба албай, 18 айдан кийин туулган жерине баса берген. Германиядан кайтып келгендер "Биздин мекен - өзүбүз төрөлүп, өскөн жер" деп эсептешет.

"Рот-Фронттогу немистердин мурдагы бир нече мууну динге басым коюп, башкалардан обочо жашап, немис тилинде гана сүйлөшкөн. Телевизор сыяктуу жаңы замандын табылгаларына каршы болушкан. Ушул тапта миңден ашуун киши жашаган айылда болгону он немис үй-бүлө калган. Немистердин наабайканасы бир нече жыл мурда жабылып, айылдагы мектепте немис тил сабагы мурдагыдай окутулбай калды", – деп жазды басылма.

Совет доорунда Кыргызстанда 100 миңге чукул немис улутундагылар жашаган. 1987-жылдан бери алардын катары суюлуп, азыр болгону 8300ү гана калды. ​

Жакырчылык толук жоюла элек

"Foreign Policy" журналы дүйнөдө жакырлар азайып баратканын жазды. "Миллиарддан ашык адам жокчулук торунан чыкты 1981-жылы өтө жакырлар 42 пайыз болгон.

Тажикстандагы жакырчылык
Тажикстандагы жакырчылык

2015-жылы алардын саны 10 пайызды түздү. Дүйнөдө кедейлердин саны азайып, ага катар жакырчылык сазына кулагандар да көбөйүүдө.

Маселен, 1996-2004-жылдар аралыгында Нигерияда күнүнө 1,25 долларга жашагандар азайып, 30 миллион киши жакырчылык торунан чыккан. Бирок ошол эле маалда 19 миллион нигериялык кайра эле жокчулукка кабылган.

Дүйнөлүк Банк 1997-2001-жылдар аралыгында Индонезияда 21 миллион кишинин турмушу оңолгонун аныктаган. Бул чоң жеңиштей сезилгени менен кайра эле 17 миллион адам жакырга айланган. Мындай мисалды Вьетнамдан да тапса болот.

Ушундан улам басылма өнүгүү жаатындагы эксперттер, агенттиктер жокчулук торуна жаңыдан түшүп жаткандар, мунун себеби тууралуу да так маалымат топтоо керектигин эскертти.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG