Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:04

Туристтин жүрөгүн меймандостук жибитет


Соң-Көл.
Соң-Көл.

Кыргызстан өткөн жылы туризм тармагында жалпысынан 365 миллион доллардан ашык киреше тапкан.

Канткенде Кыргызстан туристтер үчүн кызыктуу болот? Кайсы көйгөйлөрдү каражатсыз чечип, саякатчылардын көңүлүн тапса болот?

"Азаттыктын" "Элдик экономика" түрмөгүндө кыргыздын канындагы, каадасындагы меймандостукту ийгиликтүү бизнеске айландыруу сырлары менен бөлүшөбүз.

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Польшада жашап-иштеген, теги бразилиялык журналист Гүлхерме Лозанно Кыргызстанга келгенче Борбор Азиядагы чакан өлкө жөнүндө уккан да эмес.

Лозанно саякатын пландоодо визасыз кире ала турган өлкөлөрдү карап чыккан. Анын айтымында, Кыргызстан туристтерди кооз жаратылышы жана бийик тоолору менен өзүнө тарта алат. Ал эми визасыз режимдин жоктугу экзотикалык саякатка кызыккандардын санын ого бетер арттырат. Бирок туристтердин басымдуу бөлүгү сүйлөгөн англис тилинин Кыргызстанда кеңири тарабаганы туризмдин өнүгүүсүнө бут тосууда:

- Мен туш болгон негизги проблема - тил маселеси болду. Анткени мен орусча билбейм. Менимче, кыргызстандыктардын 95% жакыны англис тилинде сүйлөбөйт экен. Музейде да, клубда да орус тили кеңири жайылыптыр. Бирок дүйнөнүн көпчүлүк эли англис жана испан тилдеринде сүйлөшөт. Андыктан эч болбосо англис тилин жайылтуу керек. Болбосо мен сыяктуу орусча билбеген туристтерге бир топ эле кыйын болот экен.

Сууусамыр жайлоосу. 11-июль, 2018-жыл
Сууусамыр жайлоосу. 11-июль, 2018-жыл

Ошондой эле европалык туристтин көңүлүн тоо-токойдогу таштандылар ирээнжиткен.

"Чынын айтканда бул көпчүлүк туристтердин көңүлүн бурган жагдай", дейт европалыктар үчүн Борбор Азияга саякат уюштурган туристтик компаниянын жетекчиси, испаниялык ишкер Ричард Томас:

- Негизги өңүтү – бул элдин маданияты жана тейлөөнүн сапаты. Европалык туристтер көл үчүн келбейт, алар Кыргызстандын күнүмдүк жашоосу, маданияты, жаратылышы, эли менен таанышкысы келет. Албетте, алар бутка чалынып жаткан сыранын бөтөлкөсүн жана башка толгон-токой таштандыны көргүсү жок.

Туристтерди тартуудагы дагы бир маанилүү жагдай - бул чынчылдык. Эгер туристке үч жылдыздуу мейманкана сунуштасаңыз, анда ошол деңгээлден кем эмес кызмат көрсөтүңүз, башкача айтканда, конокту алдабаңыз.

Ысык-Көл.
Ысык-Көл.

Дагы бир жагдай - бул ач көздүк. Көптөр кишинин башка тилде сүйлөп жатканын байкап калса эле кызмат акысын эселеп кымбаттатып, эски товарын берип, айтор көбүрөөк акча алып калгысы келгени байкалат. Алдоо, тоноо, керек болсо зордуктоо катталган өлкөгө туристтер кантип кайтып келет?! Демек бул жагынан бардык кыргызстандыктар күнүмдүк пайдасын ойлобой, келечекте чоң пайда алып келе турган кадыр-баркын сактоого аракет кылышы керек.

"Кыргыздын канындагы, каадасындагы меймандостукту туристтерге туура көрсөтө билүү керек", - дейт “Супара” этно-комплексинин жетекчиси Жаңылсынзат Турганбаева:

- Меймандостук - бул дасторкон толо тамак эмес, алды менен конокту чын дилден күтө билүү. Илгери кыргыздар келген коноктун атын ала коюп, сыпайы сый көрсөткөн. Меймандостуктун мына ушул элементтерин бизнес өз ишмердүүлүгүндө ийгиликтүү колдонсо болот.

Кыргызстан өткөн жылы туризм тармагында жалпысынан 365 миллион доллардан ашык киреше тапкан. Бул өлкөнүн жалпы улуттук бир жылдык кирешесинин 5% түзөт. Ал эми дүйнөлүк экономика туристтердин агымынан жылына бир жарым триллион долларлык киреше табат. Айрым өлкөлөрдө туризм тармагынан түшкөн кирешенин ички дүң өндүрүмдөгү үлүшү 11% чейин жетет.

Назгүл Коңурбаева, журналист.

"Азаттык+": турист баккан жаштар
please wait

No media source currently available

0:00 0:28:01 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG