Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Июль, 2022 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:08

Кыргыз туризми: дымак жана камылга


Кыргызстанга келген туристтер.

Кыргызстанда 2022-2023 туристтик сезону расмий ачылды. Өкмөт быйыл туристтер абдан көп келет деп үмүттөнүп жатканын билдирүүдө. Бирок өлкө туристтерди күтүп алууга даярбы?

Өткөн жуманын аягында Кыргызстанда туристтик сезон расмий ачылып, Чолпон-Ата шаарында Туризмди өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин биринчи жыйыны өттү.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров быйыл Кыргызстанга туристтер көп келери күтүлүп жатканын айтып, колдо бар мүмкүнчүлүктүн баарын колдонуу керектигин белгиледи.

“Чет элдик туристтерге электрондук виза берүү мөөнөтү 2,5 күнгө кыскарды, эми бир күн ичинде алууга шарт түзүү керек. Кооз жасалгаланган боз үйлөрдү көлгө бараткан жолдорго жайгаштырууну тапшырам. Эң көп турист Казакстан аркылуу киргенин эске алып, чек арадагы өткөрүү пункттарында туристтер үчүн өзүнчө жашыл коридор уюштурушубуз зарыл".

Жаңыдан түзүлгөн Туризмди өнүктүрүү фонду тарабынан инфраструктуралык долбоорлор көрсөтүлгөн.

Маалыматка караганда, курамына туризм жаатында иш алып барган жеке ишкерлер кирген улуттук кеңештин жыйыны айына бир жолу уюштурулат.

Мамлекет эс алуу жайлары жана пансионаттарга бара турган жолдун сапатын жакшыртууну көздөөдө. Туристтик аймактардагы жергиликтүү бийликтин карамагындагы жолдор Транспорт министрлигинин карамагына өткөрүлөт.

Кыргызстандагы туристтик операторлор ассоциациясынын президенти Сергей Глуховеров эки жылдан бери дээрлик туристсиз отурган бул тармактагы кыргызстандыктар саясатчылардын чоң агымын күтүп алууга даяр деп эсептейт.

“Биз эки жылды туристсиз өткөрдүк. Акырындап туристтердин биринчи толкунун кабыл ала баштадык. Бирок бул тармактын өкүлдөрү алакан жайып отурган жок. Эки жыл өзүн-өзү окутууга, оңдоп-түзөөгө, үйрөнүүгө кетти. Канча турист келерин айта албайм. Мурдагы жылдарга салыштыруу дагы мүмкүн эмес. Тилекке каршы Кыргызстанда туристтердин статистикасы жок”.

Кыргызстанга келген туристтердин расмий статистикасы жок болгону менен Туризм департаменти Кыргызстанга негизинен КМШ, Европа, Араб өлкөлөрүнөн коноктор көбүрөөк келерин билдирди. Быйыл Украинадагы согушка байланыштуу санкциялардан улам чет өлкөгө жолу буулган орусиялык туристтердин да саны көбөйгөнү айтылууда.

"Тоодо жөө жүрүүчүлөр” бирикмесинин жетекчиси Марат Данилов Орусиядан келгендер көбөйүп, Европадан келген туристтер азайып жатканын айтууда.

“Расмий бийлик туристтер көп келет деп орус жарандарын айтып жатат окшойт. Чынында эле Орусиядан туристтердин биринчи толкуну келе баштады. Бирок Батыш өлкөлөрүнөн келген туристтердин саны азаюуда. Алар токтоп турат, кээ бир келишим түзүлгөн топтор баш тарткан учурлар бар. Бул Украинадагы согушка байланыштуу. Кыргызстандагы туризм тармагы 2019-жылы жакшы иштеген. Быйыл ошол деңгээлге жетпесе дагы жарымдап барса жакшы болот эле”.

Негизги көңүл Ысык-Көлгө

Кыргыз бийлиги Кыргызстандын негизги туристтик аймагы Ысык-Көлгө өзгөчө көңүл бөлүп жатат.

Президент Садыр Жапаров өткөн айда “Ысык-Көлдүн экологиясын сактоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө” жарлыкка кол койду. Документке ылайык, эмдиги жылдан тартып Ысык-Көл облусундагы пансионаттарды инженердик коммуникация жана курулмалар менен камсыздабай иштетүүгө тыюу салынат.

Өкмөттүн маалыматына ылайык көл жээгинде 211 ири жана 600 кичи эс алуу жайлар орун алган. Алардын көпчүлүгүндө насостук станция жана тазалоочу курулмалар иштейт.

Экология, жаратылыш ресурстары жана техникалык көзөмөл министрлиги Тамчы айылында жайгашкан 200дөн ашык конок үйлөрүнө саркынды сууну тазалаган жай куруу зарылдыгы белгиленген.

Бирок Ысык-Көлдөгү эс алуучу жайлардын саркынды сууларын тазалаган инженердик коммуникацияларды куруу боюнча сөз узак жылдардан бери айтылганы менен ишке ашпай келет.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары, туризм департаментинин директору Самат Шатманов бул жолу сөз айтылган бойдон калбай турганын, 2023-жылдан тартып андай курулмасы жок жайлар толук жабыла турганын эскертүүдө.

Өкмөт ошондой эле Ысык-Көлдө эки аэропортту реконструкциялап, күнү-түнү иштетип, көл жээгине 10 чакырым вело жана жөө адамдар басуучу жол курууну убадалап жатат.

Cамат Шатманов туристтик сезондун ачылышын утурлай өкмөт колдон келген бардык аракетин жасаганын айтууда.

“Кыргызстандын ар бир облусуна багытталган комплекстүү иш жүргүзүүдөбүз. Бир гана Ысык-Көл эмес, бардык аймак уникалдуу. Ошондуктан эки жылдан бери аймактагы туризмди өнүктүрүү иштерин алып барып жатабыз. Быйыл бир канча эл аралык туристтик көргөзмөлөргө катыштык. Туристтик компаниялар менен келишим түзүлдү. Көптөгөн авиакаттамдар каралып жатат. Ош-Жидда каттамы ачылды. Андан тышкары Ош-Кувейт, Бишкек-Будапешт түз каттамы ачылган турат. 67 мамлекеттин жарандары визасыз келе алат. ПЧР-тестти алып салдык. Мамлекет тараптан бардык аракеттер жасалууда”.

Туризм – дааратканадан башталат

Кыргызстандагы туризм тармагындагы негизги көйгөйлөр катары жол, даараткана, таштанды, тейлөө жана коопсуздук маселелери айтылып келет.

17-мартта кыргыз өкмөтү "Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду" ачык акционердик коомун түзүп, уставдык капиталын 1 млрд. сом деп белгилеген. Фонд ички туризмди өнүктүрүүгө багытталган демилгелерди ишке ашыруу менен алектенет.

Быйыл Кыргызстанда жол жүргөн туристтерди тейлөө үчүн 68 атайын эс алуучу жай ачуу пландалууда.

Rest point деп аталган бул жайларды ачуу менен Кыргызстандын туризминдеги эң негизги көйгөйлөрдүн бири болуп эсептелген даараткана маселесин чечүү максаты коюлууда.

Учурда Rest point деп аталган жайлардын 3-4 эскиздик варианты даяр. Алар курула турчу 40 жер аныкталган. Эми министрлик бир вариантка токтолсо курула баштайт.

Андан тышкары быйыл августта гранттык каражаттын эсебинен Ысык-Көлдү тегерете беш Rest point ачылмакчы.

Туризм департаментинин мурдагы директору Максат Дамир уулу Кыргызстанда туризм тармагы жолго коюлуп келе жатканын белгиледи.

Ал Ысык-Көлдөн башка дагы жерлердин туристтик потенциалы жогору экенин, ал үчүн мамлекет бизнеске шарт түзүп гана бериши керектигин айтат.

Максат Дамир уулу.
Максат Дамир уулу.

“Кыргызстандагы туризм Ысык-Көл гана эмес экени акырындап жайылып келе жатат. Бардык облустардын туристтик потенциалы бар. Ал үчүн мамлекеттин эң чоң салымы бизнеске шарт түзүп берүү. Ар бир жердин өзүнүн өзгөчөлүгү бар. Тарыхый-маданий жерлерге барганга жолдор оңолсо, дааратканалар салынса, калганын бизнес өзү эле алып кетет эле. Андан тышкары жалпы элди окута албаса дагы, бул тармакка тиешеси барлардын тейлөөсүн жакшыртуу боюнча иштер жүрүш керек”.

Кыргызстанда учурда 67 өлкөнүн жарандарына визасыз режим иштейт. Чек ара кызматынын маалыматына таянып, турист катары келүүчүлөрдүн эң көбү Казакстан, Өзбекстан, Орусия, Европа жана Араб өлкөлөрүнүн жарандары.

  • 16x9 Image

    Марат Тагаев

    Марат Тагаев – “Азаттык” радиосунун кабарчысы. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин, Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Башкаруу академиясында магистратураны бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG