Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:59

Америкалык туристтерди Кыргызстанга тартуу максатында жыйын өттү


“Манас” эл аралык аэропорту. Иллюстрация сүрөт.
“Манас” эл аралык аэропорту. Иллюстрация сүрөт.

29-мартта америкалык бир катар белгилүү туристтик компаниялар менен кыргызстандык компаниялардын жолугушуусу өттү.

Кыргызстандын АКШдагы элчилиги тарабынан уюштурулган бул жыйын онлайн форматында өтүп, ага бир нече америкалык туристтик компаниялар жана ондон ашуун кыргызстандык туристтик компаниялардын өкүлдөрү, АКШ өкмөтүнүн, USAID программасынын жана Кыргыз-Америка бизнес кеңешинин өкүлдөрү катышышты.

Иш-чарада сөз сүйлөгөн элчи Бакыт Аманбаев кыргыз бийлиги туризм багытында Кыргызстанга келген АКШнын жарандарына визалык режимди алып салгандыгын маалымдады. Ошондой эле кыргызстандык туристтик компаниялардын өкүлдөрү ар тараптуу кызматташууга даяр экендиктерин билдирип, жакындан кызматташуу боюнча макулдашышып, өз ара жеке жылуу байланыштарын түзүүгө жетишишти.

2020-жылы CNN телеканалы Кыргызстанды турист катары эс алууга ыңгайлуу 20 мамлекеттин катарына кошсо, Bloomberg экономикалык жаңылыктар агенттиги туристтер үчүн кызыктуу 24 өлкөнүн бири деп атаган эле. Бирок коронавирус пандемиясынын айынан Кыргызстанда туризм тармагы көп жоготууга учурады.

Туризм департаментинин маалыматына караганда, бул тармактагы жоготуулар өткөн жылы 80% жеткен. Тармактагы ишканалардын 15% жакыны жабылган. Ал эми 17-мартта кыргыз өкмөтү "Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду" ачык акционердик коому түзүлүп, анын уставдык капиталы 1 млрд. сом деп белгиленгенин кабарлады. Фонд ички туризмди өнүктүрүүгө багытталган демилгелерди ишке ашыруу менен алектенет.

Мындан тышкары фонд региондордо туристтерди кабыл алуу үчүн инфраструктураны жакшыртууга, алыскы аймактарда кошумча жумуш орундарын түзүүгө, калктын социалдык жактан аялуу катмарын, аялдарды окутуу программаларын, туристтик жайлардын базасында иш менен камсыз кылууга, калктын билим деңгээлин жана туризм тармагында көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жогорулатууга колдоо көрсөтөт. (ElB)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG