Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:19

Депутат Өзбекстан Керкидан аймагында жол куруп баштаганын билдирди


Керкидан суу сактагычы. Картадан көрүнүп тургандай кыргыз-өзбек чек арасы суунун ортосунан өтөт. Жерлер демаркацияланып бүтсө, чек ара Кыргызстандын аймагына карай жылат. Google картадан алынган скриншот.
Керкидан суу сактагычы. Картадан көрүнүп тургандай кыргыз-өзбек чек арасы суунун ортосунан өтөт. Жерлер демаркацияланып бүтсө, чек ара Кыргызстандын аймагына карай жылат. Google картадан алынган скриншот.

Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Бакиров Өзбекстан Ош облусунун Араван районуна караштуу Төө-Моюн айыл өкмөтүнүн Керкидан аймагына жол кура баштаганын билдирди. Бул тууралуу эл өкүлү парламенттин 30-марттагы жыйынында айтып чыкты.

"Керкидан аймагына Өзбекстандын күч органдары чыгып, эки күндөн бери жол куруу иштерин жүргүзүп жатат. Эки мамлекеттин ортосунда делимитация жана демаркация боюнча комиссия түзүлгөн. Ага ылайык, бул иштер Кыргызстандын макулдугу менен гана курулушу керек. Тиешелүү жетекчилерге дагы айтылса керек. Жолду токтотуп туруш керек. Кыргызстандын макулдугу жок эле эки күндөн бери курулуш иштерин жүргүзүп жатат", - деди депутат.

Министрлер кабинети бул маалымат тууралуу комментарий бере элек.

Ош облусунун Араван районуна караштуу Төө-Моюн айыл өкмөтүнүн Керкидан айылы коңшу Өзбекстан менен чектешет.

2019-жылдын сентябрь айында Өзбекстандын аскерлери Кыргызстандын Араван районундагы Керкидан суу сактагычынын тегерегиндеги тилкени тосуп, жол сала баштаганы ортодогу пикир келишпестикке себепкер болгон.

Жергиликтүүлөр нааразы болуп чыккандан кийин гана кыргыз өкмөтү Керкидан алмаштырылганын, андагы 413 гектар үчүн расмий Бишкек өзбек тараптан жер алганын кабарлаган. Тагыраагы, Араван районундагы Полигон тилкесинен (304,3 гектар), Баткен районундагы Кайрак тилкесинен (74 гектар), Аксы районундагы Дерес тилкесинен (35 гектар) Өзбекстан Кыргызстанга жер бергени маалымдалган.

Кыргызстан менен Өзбекстандын 1378 чакырымдык чек арасынын 1170 чакырымы же 85% такталган. Дагы 10% боюнча макулдашуу жетишилгени да кабарланган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG