Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:36

ЖК Төрөбаевдин талапкерлигин өкмөт башчынын орун басарлыгына жактырды


Бакыт Төрөбаев Жогорку Кеңештин төрт чакырылышынын депутаты болгон.
Бакыт Төрөбаев Жогорку Кеңештин төрт чакырылышынын депутаты болгон.

Жогорку Кеңеш 30-марттагы жалпы жыйынында Бакыт Төрөбаевди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары кызматына дайындоого макулдук берди.

Талкуу учурунда депутатттар өкмөт өкүлдөрү азык-түлүк каатчылыгы, баалардын көтөрүлүшү, жазгы айдап-себүү иштери жана ишкерлерди колдоо өңдүү маселелерге көңүл бурушу керектигин эскертишти.

Ушул кезге чейин Жогорку Кеңештеги “Ата-Журт - Кыргызстан” фракциясынын төрагасы болуп турган Бакыт Төрөбаев 49 жашта. Ал “Ак жол”, “Республика” жана “Өнүгүү-Прогресс” партияларынын тизмеси менен дагы шайлоолорго катышып, жалпысынан Жогорку Кеңештин төрт чакырылышынын депутаты болгон.

Бакыт Төрөбаев 2009-жылы өзгөчө кырдаалдар министри кызматын аркалаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG