Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:13

Бангладеш жарандарынын маселеси Жогорку Кеңеште көтөрүлдү


Кыргызстанга иштегени келген Бангладеш жарандары.
Кыргызстанга иштегени келген Бангладеш жарандары.

Жогорку Кеңештин депутаты Нуржигит Кадырбеков бүгүн, 30-мартта парламенттин жалпы жыйынында Кыргызстанга иштегени келип, бирок укуктары бузулганына даттанган Бангладеш жарандарынын маселесин көтөрдү. Эл өкүлү бул маселе боюнча тийешелүү мекемелерге кат жөнөтөрүн айтты.

"Алар аркылуу Кыргызстандын инвестициялык климатына, өлкөнүн имиджине зор зыян келип жатат. Мен атайын кат дагы жөнөтөм. Тийиштүү мекемелер чара көрсүн", - деди Кадырбеков.

Марттын башында Кыргызстанга иштегени келген Бангладештин он чакты жараны эмгек келишими бузулуп, аз айлык алып жатканын, башка чарбалык жумуштарга тартылганын айтып чыгышкан. Жумуш берген тарап муну четке кагып, бенгалдар тиккенине жараша айлыгын алып жатышканын билдирген.

Тигүү цехине иштегени келгендердин арызын милиция териштирүүдө. Буга чейин "Азаттык" укуктары бузулган бенгалдар тууралуу материал жасаган. Ички иштер министрлиги бул маселе боюнча билдирүү таратып, бул факты 2022-жылдын 2-мартында ИИМде катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иши башталганын кабарлаган. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG