Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:48

Лейлектин тургундары Башкы прокуратурага кайрылды


Лейлектеги мурдагы айыл өкмөт башчыларын бошотууну талап кылган митинг. 25-март, 2022-жыл.
Лейлектеги мурдагы айыл өкмөт башчыларын бошотууну талап кылган митинг. 25-март, 2022-жыл.

Баткен облусунун Лейлек районундагы Жаңы-Жер айыл аймагынын тургундары бүгүн Бишкекке келишкен. Алар 24-мартта кармалган Жаңы-Жер айыл аймагынын төрагасы Саатбек Эгембердиев, Бешкент айыл аймагынын башчысы Бекжан Жалилов жана Жаңы-Жер айыл аймагынын катчысы Акжол Абдуллаевге карата козголгон кылмыш иши негизсиз болуп жатканын айтып, акыйкаттыкты талап кылууда.

“Азыр биздин аксакалдарыбыз башкы прокурордун кабыл алуусунда. Биз 25-мартта Бишкекке келип, кабыл алууга жазылып кеткенбиз. Негизи коррупциялык иштерди ачык айтып, ишин так аткарган кызматкерлерди камоо бул куугунтук. Алгач Раззаков шаарында камакка алынган, кийин Баткенге андан Кадамжайга которуп жатышат, бирок бизге айтылган эмес. Азыркы күнгө чейин биз камактагы биртуугандарыбыз менен байланыша албай жатабыз, көрө элекпиз. Балким, алар кыйноого да кабылып жаткандыр. Эки берене менен иш козгоду, бул туура эмес”,- деди Бекжан Жалиловдун биртууган эжеси Гүлзада Жалилова.

Баткен облустук прокуратурасынын тергөөчүсү менен да байланышуу болбой жатканын, эмнеге иш козголгонун түшүндүрүп бербей жатканын айтышты.

Өткөн аптада иликтөөчү журналист Ыдырыс Исаков Жаңы-Жер айыл өкмөтүндөгү жер бөлүштүрүүдөгү мыйзам бузуу боюнча сюжет жарыялаган. Анда айыл өкмөттүн мурдагы жетекчилери жер бөлүштүрүүдө алешемдикке жол бергени, аларды облустук прокуратуранын кызматкерлери калкалаганы баяндалган.

23-мартта Башкы прокуратура Исаковдун сюжети боюнча текшерүү жүрүп жатканын маалымдаган. Мындан көп өтпөй аталган тасмада мыйзамсыздык боюнча айтып чыккан Жаңы-Жер айыл аймагынын мурдагы башчылары Саатбек Эгембердиев менен Бекжан Жалилов, учурдагы жооптуу катчы Акжол Абдуллаев камакка алынган.

Буга нааразы болгон Лейлек районунун тургундары эки күндөн бери нааразылык акцияларын уюштурду.

26-мартта баш прокурордун буйругу менен бул чырда аты аталган Баткен облусунун прокурору Нуркамал Набиев, Лейлек районунун прокурору Жуманазар Асадов, Сүлүктү шаарынын прокурору Курсан Калмурзаев кызматтан алынганы белгилүү болду. (KS)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG