Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:52

Орусиядагы кыргыз жарандарынын 5% аскерге милдеттүү болушу ыктымалдыгы айтылды


Украина. Орусиялык күчтөр. 2022-жылдын 19-марты. Иллюстрациялык сүрөт.
Украина. Орусиялык күчтөр. 2022-жылдын 19-марты. Иллюстрациялык сүрөт.

Орус жарандыгын алган кыргызстандыктардын арасынан аскерге милдеттүүлөрү 5% тегерегинде болушу ыктымал деген жеке пикирин 29-мартта «Азаттыктын» эфиринде Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Осмонов билдирди.

Орус жарандыгын алуунун оош-кыйышы тууралуу талкууда сүйлөп жатып Осмонов кыргызстандыктардын 600 миңге жакыны Орусиянын жараны экенин, алар бөтөн өлкөгө мекенинде жумуш орундары жоктугунун айынан кетүүгө аргасыз болушканын белгиледи:

«600 миңдей мекендешибиз ошол жактын жарандыгын алды. Алардын 5% аскер курагындагылар болушу мүмкүн. Муну токтоп калат деп эч ким айта албайт. Эң негизгиси – биздин жарандар ал жакка жумуш издеп барышкан, тиричилик үчүн, үй-бүлөсүн, бала-чакасын багам деп барган».

Бул маалыматты Орусиянын, Кыргызстандын расмий органдары же көз каранды эмес булактар бышыктай элек.

24-февралда Орусия Украинага басып кирген. Бул согушта каза болгондордун арасында Кыргызстанда туулуп-өскөн эки жигиттин сөөгү өткөн аптада мекенинде жерге берилди. Алар экөө тең согушка орус жараны катары катышкан. (BuS/RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG