Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:19

Зеленский Орусиянын Мариуполго чабуулун "адамзатка каршы кылмышка" салыштырды


Украинанын президенти Владимир Зеленский.
Украинанын президенти Владимир Зеленский.

Украинанын президенти Владимир Зеленский орус армиясынын Мариуполду курчап алып, аткылап жатканын "адамзатка каршы кылмышка" теңеди.

"Орус күчтөрүнүн Мариуполдогу аракеттери реалдуу убакытта бүтүндөй планетанын көзүнчө жасалып жаткан адамзатка каршы кылмыш",-деди Зеленский 29-мартта Даниянын парламентине жасаган кайрылуусунда.

Мариуполду орус армиясы согуш башталган бир айдан ашуун убакыттан бери аткылап, курчоого алган. 400 миң калкы бар, Азов деңизинин боюнда жайгашкан стратегиялык шаар учурда гуманитардык апааттын алдында турганы кабарланууда.

Украинанын вице-премьер-министри Ирина Верещук Орусия үч гуманитардык коридор ачууга макул болгонун билдирди. Алардын бири Мариуполдон жайкын тургундардын чыгып кетүүсүнө мүмкүнчүлүк берет. Азырынча канча адам чыгып кете алары белгисиз.

Орусия согуш ачкандан бери бир да украин шаарын толук басып ала алган жок. Украинанын Коргоо министрлиги 29-мартта билдиргендей, орус аскерлери Мариуполду аткылоону улантып жатышат.

Шаардын борбору азыр украиндердин көзөмөлүндө.

Мэр Вадим Бойченконун айтымында, согуш башталгандан бери калаанын беш миңдей тургуну курман болду. Бул санды көз карандысыз булактардан ырастоого мүмкүн боло элек.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG