Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:05

Футбол: Намангандагы кубокто Кыргызстан Тажикстанга утулду


Кыргызстандык спортчулар. Архив.
Кыргызстандык спортчулар. Архив.

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Өзбекстандын Наманган шаарында өтүп жаткан “Навруз кубогу-2022” эл аралык турниринде 3-орун үчүн оюнда Тажикстанга (1-0) утулуп калды.

Оюндун жүрүшүндө Кыргызстандын курама командасынын эки, Тажикстандын эки оюнчусу кызыл карта алып, оюндан четтетилди.

Турнирге төрт улуттук команда катышкан. Кыргызстан 25-мартта Өзбекстан менен ойноп, 3-1 эсебинде утулган.

Финалдык оюн бүгүн, 29-мартта болуп, анда Өзбекстан менен Уганда ойнойт.

Кыргызстандын курама командасы мелдешке даярдык көрүү үчүн Түркияда машыккан.

XS
SM
MD
LG