Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Июнь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:35

Стамбулда украин-орус делегацияларынын сүйлөшүүсү аяктады


Стамбулдагы сүйлөшүүгө катышкан Украинанын делегация мүчөлөрү.
Стамбулдагы сүйлөшүүгө катышкан Украинанын делегация мүчөлөрү.

Стамбулда 29-мартта өткөн украин-орус сүйлөшүүсүнүн кезектеги айлампасы төрт саатка созулду. Орусиянын коргоо министринин орун басары Александр Фоминдин айтымында, Москва Киев жана Чернигов багытындагы аскердик активдүүлүгүн «кыйла» басаңдатты.

Ал кененирээк маалыматты Орусиянын куралдуу күчтөрүнүн башкы штабы берерин кошумчалады. Орус президентинин кеңешчиси Владимир Мединский Стамбулдагы сүйлөшүүнү «конструктивдүү» деп баалады.

Орус делегациясы Путин менен Зеленскийдин жолугушуу ыктымалдыгы тууралуу кыйытты.

Москва Украинага согуш ачкандан бери бир да украин шаарын толук басып ала алган жок.

Украинанын Коргоо министрлиги 29-мартта билдиргендей, орус аскерлери Мариупол шаарын аткылоону улантып жатышат. Шаардын борбору азырынча украиндердин көзөмөлүндө калууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG