Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:58

Быйыл Кыргызстанда туристтер үчүн 68 rest point курула турганы айтылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Быйыл Кыргызстанда жол жүргөн туристтерди тейлөө үчүн 68 атайын эс алуучу жай ачыларын 21-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында маалымат берип жатып маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов билдирди.

Анын айтымында rest point деп аталган бул жайларды ачуу менен Кыргызстандын туризминдеги эң негизги көйгөйлөрдүн бири болуп эсептелген даараткана маселесин чечүү максаты коюлууда.

Жаманкулов быйыл өкмөт туризм тармагы үчүн жылдагыдан көбүрөөк акча бөлүп жатканын, үч багытта иш пландалганын айтты:

«Негизги жерлерде туристтер келип, кофе ичип эс ала турган, дааратканасы жана башка сервистери бар 68 rest point жайларын ачууга даярдап жатабыз. Быйыл ишке киргизебиз. Экинчиси – туристтик жайларга баруучу жолдордун көбүн оңдоп-түзөп, асфальтка чейин жеткирүүчү иштерди жүргүзөбүз. Үчүнчүсү – туристтик маркетингге көбүрөөк акча жумшайбыз, дүйнөлүк каналдар аркылуу роликтерди көрсөтүп, блогерлерди алып келип, road show өткөрөбүз».

Министр Чек ара кызматынын маалыматына таянып, турист катары келүүчүлөрдүн эң көбү Казакстан, Өзбекстан, Орусия, Европа жана араб өлкөлөрүнүн өкүлдөрү экенин билдирди. Бирок депутаттар бул маалыматты тактоо зарыл экенин, себеби жеке иштери менен келип-кеткендер да туристтик статистикага кирип калышы ыктымалдыгын айтышты.

Жогорку Кеңеш бүгүн өкмөттүн Кыргызстандын быйылкы туристтик сезонго даярдыгы боюнча маалыматын укту. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG