Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 07:37

Каракол эс алуучуларга толуп калды


2021-2022-жылдагы кышкы туризмдин ачылышы. Ноябрь, 2021-жыл. Каракол.
2021-2022-жылдагы кышкы туризмдин ачылышы. Ноябрь, 2021-жыл. Каракол.

Жаңы жылдан кийинки эс алуу күндөрүндө Ысык-Көлдөгү Каракол тоо-лыжа базасы эс алуучуларга толуп, мейманканаларда орун жетишпей жатат.

Мейманкана, конок үйлөрдө орун жок, базада узун кезек орун алганын эс алуучулар социалдык тармактарга жазып чыгышты. Мындан сырткары чет өлкөгө эс алууга кеткен кыргызстандыктардын саны да өткөн жылга салыштырмалуу арбын экенин туристтик компаниялар белгилеп жатышат.

Жаңы жыл майрамын улай кыргызстандыктар тогуз күн (1-9-январь) эс алат. Майрамдан кийинки узак эс алуу күндөрдү көпчүлүк кыргызстандыктар муз тээп же мүмкүнчүлүгү барлар чет өлкөлөргө чыгып саякаттоону туура көрүшөт.

Жеке ишкер Мээрим Шаамырзаева учурда Караколдо эс алып жаткандардын бири. Ал Бишкекте "издеген" кышты Караколдо тапканына кубанып жатканын жашырган жок.

"Караколдо эс алып жатабыз. Эл аябай көп, аябай... Кассада, асма жолго (канатная дорога) бир сааттай күтүп араң жетип атабыз. Каникулга карап бүт эле ушул жакка келишиптир. Кар жок го деп корктук эле, бирок лыжа тепкен жагында жакшы эле кар бар экен".


Соңку айларда аба ырайы жылуу болуп, Бишкектин тегерегинде кардын жоктугу көптөгөн эс алуучулардын агымын Каракол тарапка бурду. Коронавирус инфекциясынан улам чет өлкөлүк эс алуучулардын ордун азыр ички туристтер, Бишкек жана башка аймактардан барган эс алуучулар толтуруп жатканын жеке ишкер, Караколдогу "Мацуноки" жапон мейманканасынын негиздөөчүсү Советбек Качкынбаев "Азаттыкка" билдирди. Анын айтымында, учурда Орусия, Казакстан жана башка чет өлкөлөрдөн келген туристтердин саны жылдагыдан кыйла аз.

"Көбүнчө эле бишкектиктер, чет өлкөлүктөр өтө эле аз. Орусия, Казакстандан бир аз келип турат. Жылда эле окшош көрүнүш. "Кристмас" майрамына байланыштуу көбүнчө 24-декабрдан баштап 30-31ине чейин Кыргызстанда жашап-иштеп жаткан европалыктар келет. Ал эми 1-январдан 10-январга чейин жалаң кыргызстандыктар келет. Аларды деле эки категорияга бөлмөкмүн. Ушул даталар эс алуу күндөр болгондуктан, алдын ала орунду буюртма кылып койбосо көчөдө кала турганын түшүнгөндөр бар. Болбосо "орун жок" деген сөздөрдү уга берип, 4-5 саат убактысын бекер коротуп алышы мүмкүн. Күтүүсүз нерсе күтүп келгендер дагы жок эмес. Кээ бирлери "Дордойдон" шуба тандагандай эле келишет. Ошондуктан бош убактысы бар адамдар каникулга туштабай, 10-январдан кийин келгени дурус. Ошол учурда убактысын кезек күтүп өткөрбөйт", - деди ишкер.

Дүйнөлүк коронавирус пандемиясынын айынан Кыргызстанда туризм тармагы көп жоготууга учурады. Туризм департаментинин буга чейин айтканына караганда, бул тармактагы жоготуулар өткөн жылы 80% жеткен. Бул сектордун ишмердүүлүгүнүн 15% жакыны, тилекке каршы, жабылганы такталды. Кээ бирлери убактылуу мөөнөткө, ал эми кээ бирлери мындан ары иш жүргүзүүгө мүмкүн болбой калгандыктан жабылганын билдиришкен.


Туроператорлор бирикмесинин аткаруучу директору Нурбек Сапаровдун айтымында, учурда кышкы-жайкы туризмге суроо-талап өстү, эми кыргыз бийлиги ушуну пайдаланып инвесторлорго шарт түзүп бериши керек.

"Туризм деген эмне? Биринчиден, акчаны тамак-аш жана башка нерселерге кетиребиз. Качан ашык акчабыз болгондо ошондо бул жакка барып муз тээп келели, саякаттайлы дейбиз. Эл көп дегенибиз - бул элде ашыкча акча бар, бирок кайсы эл, биздин жергиликтүүлөрбү же казактарбы түшүнүксүз. Суроо-талап жогору болуп "Каприз" жетишпей жатса, Караколдон тышкары дагы башка кайсы жакка база ачса болот деген жолдорду издешибиз керек. Жыргалаң, Кеминге база ачсак дегендей... Эми өкмөт ошого кызыктырып, инвесторлорду колдоп шарт түзүп берсе жакшы болот. Дагы эле "кустуруу" дей берсе, инвестор дагы келбейт", - деди Сапаров.

Пандемияга байланыштуу чет өлкөгө эс алууга чыккан кыргызстандыктардын саны кескин кыскарган. Ага салыштырмалуу жаңы жылдын алгачкы күндөрүндө үй-бүлөсү менен башка өлкөгө эс алууга чыккан кыргызстандыктардын саны акырындап өсүп жатат. Алардын катарында ишкер Банур Абдиева дагы бар. Ал үй-бүлөсү, 80ден ашкан апасы менен Түркиянын Каппадокия аймагында эс алып жатканын жана бул жерди тандаган себебин айтып берди:

"Биз беш киши болуп келдик. Үч балам, апам жана мен. Абдан кызыктуу тарыхый, маданий жерлерди көрүп атабыз. Негизи Түркияга саякаттоо биздин элге ыңгайлуу, кызмат көрсөтүү мыкты деңгээлде. Баасы да ыңгайлуу, анча кымбат эмес".


Туркомпаниялар ассоциациясынын жетекчиси Эрмек Мырзабеков учурда кыргызстандыктар барып жаткан өлкөлөрдү атады.

"Кышкы мезгилде кыргызстандыктар көбүрөөк чыгып жаткан өлкөлөрдүн сап башында Бириккен Араб Эмираты, өзгөчө Дубай турат. Анткени пандемия учурунда шарты ыңгайлуу, коопсуздук жогорку деңгээлде сакталган. Экинчиден, Дубайга турлардын баасы жакшы, кымбат эмес. Андан кийинки орунда Египет турат. Ал жакта аба ырайы аябай жакшы, түз каттам бар. Кыргызстандыктардын эң сүйүктүү өлкөсү - Түркия. Кышкы мезгилге карабай ушул өлкөнү тандап жатышат, экскурсиялык турларды тандашат. Анын үстүнө кышында бул өлкөгө турлар кыйла арзан болот".

Учурда чет өлкөгө барып эс алуу үчүн турлар 300 доллардан башталат. Калганы талаптарга, шарттарына жана жерине жараша баа жогорулап кете берет.

Эс алуучулар. Бишкектин четиндеги тоо-лыжа базаларынын бири. 2020-жыл.
Эс алуучулар. Бишкектин четиндеги тоо-лыжа базаларынын бири. 2020-жыл.

Британиялык The Guardian басылмасы Кыргызстанды 2021-жылы саякаттай турган мамлекеттердин катарына кошкон. 2020-жылы CNN телеканалы Кыргызстанды туристтердин эс алышына ыңгайлуу 20 мамлекеттин катарына кошсо, Bloomberg экономикалык жаңылыктар агенттиги туристтер үчүн кызыктуу 24 өлкөнүн бири деп атаган эле. Анткен менен Европанын айрым өлкөлөрү коронавирустун жаңы штаммына байланыштуу катуу чараларды көрүп жатат. Ошол себептүү быйыл да сырттан келген чет элдик туристтер саналуу.

Президент Садыр Жапаров 1-январда Караколдогу базада лыжа тээп жүргөн жеринен кыргызстандыктарды жана чет өлкөлүктөрдү Кыргызстандагы кышкы туризмге чакырды. Ал Каракол тоо-лыжа базасы дүйнөдөгү ондукка кирген база экенин, трассанын узундугу 4,5 чакырымды түзөрүн белгилеген. Андан тышкары Чүй өрөөнүндө Орловка, ЗИЛ, Нооруз, Кашка-Суу жана Чуңкурчак деген тоо-лыжа базалары бар экенин айткан.


Кыргызстанда 23 лыжа базасы бар, учурда анын 17си иштейт. Кышкы эс алууга ылайыкташкан жайлар негизинен, Чүй жана Ысык-Көл облустарында жайгашкан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG