Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:08

Той ордуна саякатты тандагандар


"Манас" аэропорту.
"Манас" аэропорту.

Кышкы майрамдарга тушташ чет өлкөлөрдө эс алган кыргызстандыктар көбөйдү.

Калкты тейлөө жана туризм багытында иш алып барган бирикмелердин маалыматына караганда, учурда Египет, Дубай, Түркиядан сырткары, Канада, Австралия, Доминикан Республикасына чейин кеткендер көбөйдү.

Журналист Мирбек Айтикеев жаңы жылды утурлай үй-бүлөсү менен Египетке барып эс алып келди. Ал бөтөн элдин маданияты, жашоо-шарты менен таанышып, эл-жер көрүп саякаттоо дүйнө таанымды кеңейтерин айтып, ашыкча чыгым кылган той-топурду азайтып, эл-жер көрүүгө үндөйт:

- Беш тойго барсак эле бир кишинин чет өлкөгө чыгып келгенин жеп коёбуз. Андан көрө чет өлкөгө чыгып, эл-жер көрүп саякаттаган дүйнө таанымыңды кеңейткенге абдан жакшы. Жылда бир өлкөгө барып көрүп келүү тилеги былтыр Анталияга (Түркия) барып келгенден кийин башталган. Мында Египет чыгып калды. Жолдомону алгандан кийин баары эле жеңил болду. Ал жакта виза басуу деле жеңил экен. Шарм-эш-Шейхтеги аэропорттон эки мүнөттө басып беришти. Эч кандай тоскоолдук болгон жок. Ар бир экинчи араб орусча сүйлөйт экен. Турист кайсы тилде сүйлөсө, ошол тилде, кыргызча болсо кыргызча сүйлөп жибергиси келет экен. Тейлөө жакшы, курал көтөрүп турган полиция кызматкерине барсаң ал деле, башкасы деле күлүп-жайнап туристти көргөндө сүйүнөт экен. Ал жакта Таиланд тууралуу көп нерселерди айтышты. Эми ошол жакка барсакпы деп ойлонуп келдик.

Мирбек Айтикеев, журналист.
Мирбек Айтикеев, журналист.

Мирбек Египетте эс алган кыргызстандыктар көп экенин айтып өттү:

- Азыр чет өлкөгө барып эс алып келүү орто катмар, төмөнкү катмар үчүн да жеткиликтүү болуп калды. Биринчиден, Ысык-Көлдө ыңгайы менен эс алуу менен Египетке же Түркияга барып келгениң дээрлик бирдей болорун байкадым. Экинчиден, кыргыздар аябай көп болдук. Бишкектен чыгып жатканда эле 16-17 адам болуп чогуу учтук. Кийин Каирге барганда пирамиданын тегерегинде ак калпак кийип, бала-чакасы менен эс алып жүргөндөр, жээкте деле, базарына барсаң соода кылып жүргөндөрдүн арасында да кыргызстандыктар көп экен.

Олчинбек: Оштон издегенимди Африкадан таптым

Олчинбек: Оштон издегенимди Африкадан таптым

Олчинбек Рахманов Нигериядагы жалгыз кыргызстандык мугалим. Ал баш калаа Абужада жергиликтүү окуучуларды математикадан дүйнөлүк олимпиадаларга даярдайт.

Кыргызстандагы Туризм ассоциациясынын директорлор кеңешинин төрагасы Талант Токталиевдин айтымында, чет өлкөдө эс алган кыргызстандыктар бир жыл мурдагыга салыштырмалуу 20-30 пайызга арбыган.

Кыргызстандыктар барып эс алган өлкөлөр мезгилге, ошол өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалга жараша да өзгөрүп турат. Мисалы, соңку кездерде Египетке, Таиландга, Дубайга, Вьетнамга барууну каалагандар көбөйгөн. Буга Европа жана бир катар өлкөлөргө визасыз режимдин ачылышы, өткөн жылдын декабрь айынан тартып Бишкек-Шарм-эш-Шейх (Египет) жана Бишкек-Пхукет (Таиланд) чартердик каттамдын ачылганы ыңгайлуу шарт түзүп жатканы белгиленүүдө.

- Египет менен Таиландга он күндө бир 230 орундуу учак бара баштады. Дубайга дагы бир кошумча каттам ачылганы жатат. Мындан сырткары Алматы, Ашхабат аркылуу учкандар дагы бар. Өткөн жылга салыштырмалуу чет өлкөдө эс алгандар 20-30 пайызга көбөйдү. Кыргызстандыктардын арасында алыскы, кымбат өлкөлөргө, Доминикан Республикасына, Сейшел аралына баргандар бар, бирок аз. Азыр Малайзияга, Сингапурга жана Индонезияга да жакшы баалар болуп, көп кетип жатышат. Мындан сырткары Шри-Ланка, Малдив аралына кеткендер бар.

Талант Токталиев.
Талант Токталиев.

Токталиевдин баамында, Европа өлкөлөрүнө, анын ичинде Чехияга, Грецияга саякатка баргандардын катары толукталды.

Калкты тейлөө багытында иш алып барган “Кыргыз концепттин” маалыматы боюнча, учурда күн жылуу өлкөлөргө тур бир кишиге 500-600 доллардан жогору. Баалар дагы мезгилге жараша өзгөрүп турат. Маалыматка караганда, учурда капчыктуулар саякат үчүн Канада, Астралия, Бразилия өңдүү алыскы өлкөлөрдү тандашууда.

"Кыргыз концепттин" өкүлү Салтанат Кошоеванын айтымында, эс алуу күндөрүн чет өлкөлөрдө өткөргөн жаштар көбөйдү.

- Азыр Түштүк-Батыш өлкөлөрүнө, мисалы Таиландга көбүнчө жаштар барышат. Анткени өлкө жаштардын эс алуусуна ылайыктуу, баасы да көп кымбат эмес. Бизнес чөйрөдө жүргөндөр же капчыктуулар Австралияга, Америкага, Канадага барып калышты. Анткени алар жакынырак өлкөлөрдү көрүп келишкендиктен эми алыс жактарга барып уникалдуу турларды алып жатышат. Европага барууну каалаган жаштар көбөйдү, арасында студенттер бар.

Туризм ассоциациясынын маалыматына караганда, жыл сайын болжол менен 200-300 миңдин тегерегиндеги кыргызстандыктар чет өлкөгө барып эс алып келишет.

Туристтерди тартуу жеңил эмес

Туристтерди тартуу жеңил эмес

Быйыл Кыргызстан Борбор Азияда чет өлкөлүк туристтер көп келген өлкө болду. Бирок аларды ар дайым тартып тургандай кызмат көрсөтүү деңгээли менен инфраструктуранын жоктугу бир көргөндөн кийин көңүлдөрүн кайт кылууда.

Башка өлкөлөрдөн Кыргызстанды көргөнү келген туристтер да мурдагыдан көп. Өкмөттүн билдирүүсү боюнча, бүгүнкү күндө тоо туризмине чет элдиктердин кызыгуусу артып баратат. Европа өлкөлөрүнөн, Германиядан, Швейцариядан келгендер басымдуу кылат. Мындан сырткары учурда кышкы сезондо Орусия менен Казакстандан келгендер арбын. 2016-жылы чет жактан Кыргызстанды көргөнү, эс алганы келгендердин жана өлкөгө кирип-чыккандардын саны 3 миллион 800 миңден ашкан.

Ал эми британиялык белгилүү "Backpacker" туристтик уюму Кыргызстанды эс алууга жагымдуу өлкөлөрдүн тизмесине киргизди. Андагы рейтингге караганда, Кыргызстан 20 мамлекеттин арасынан бешинчи орунду ээледи. Бул тууралуу маалыматты "Backpacker" уюму "Фейсбуктагы" барагына 3-январда жарыялады.

Мындан тышкары, КМШ мамлекеттеринин арасынан Тажикстан жетинчи, Грузия тогузунчу, ал эми Өзбекстан 19-орунга татыды.

Буга чейин илимий-популярдуу "National Geographic" журналы былтыр жайында Кыргызстанды саякатчылар сөзсүз келиши керек болгон алдыңкы он өлкөнүн катарына киргизген.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG