Тайландда туризм тармагында иштеп жатканыма үч жылдан ашты. Кыргыз-түрк "Манас" университетинин туризм факультетин бүтүргөм. Студент кезде жай айларында Түркияга тажрыйба топтоого барып, иштеп жүрдүм. Окуумду аяктаган соң, Түркиядагы эл аралык туристтик агенттиктердин бирине гид болуп ишке орноштум. Ал жакта жүргөндө Таиландга туристтик тармакка адистер кабыл алынып жатканын угуп, өзүм иштеген фирма аркылуу бул өлкөгө келдим. Кийин тажрыйбалуу гиддерди ээрчип такшалып, даярдыктан өтүп анан иштеп калдым.
Негизинен Орусиядан, Украинадан жана башка КМШ өлкөлөрүнөн келген туристтерди тейлейбиз. Алардын арасында кыргыздар да бар. Бирок көбү Кыргызстандан эмес, Орусияда жашаган, ошол жактын жарандыгын алган кыргыздар келишет. Ошондой эле Европадан же Түркиядан келген меймандарды да кабыл алабыз. Орус, англис, түрк тилдеринде кызмат көрсөтөбүз. Канча тил билсең ошончолук жакшы, бул жакта жергиликтүү эл менен англис тилинде сүйлөшөбүз. Тай тили биз үчүн өтө оор, күнүмдүк пайдалана турган сөздөрдү эле билебиз. Саны боюнча Орусиядан келген эс алуучулар биринчи орунда турат. Туристтерди Таиланддын жылуу климаты кызыктырат. Бул жакта он эки ай бою жай, абанын орточо температурасы отуз градустун тегерегинде болот. Ошондой эле кооз шаарлары, аралдары, калкынын үрп-адаттары, салттары, дини туристтердин кызыгуусун арттырат.
"Кыргыз гиддери башкалардан алдыда"
Мен сыяктуу бул жакта гид болуп иштеген кыргыздар көп. Эки-үч жыл мурда мындан да көп болчу. Акыркы убактарда туристтердин саны, тагыраак айтканда, Орусиядан келгендердин саны азайганына байланыштуу айрым фирмаларда жумуш орундары кыскарып, көптөрү Кыргызстанга кайтышты. Ал эми көп кыргыздар бир эле Таиландда эмес, дүйнөнүн бир нече өлкөлөрүндө гид болуп иштеп жүрүшөт. Алар, маселен, Египетте, Дубайда, Түркияда, Индияда башка өлкөлөрдөн келген гиддерге салыштырмалуу абдан ийгиликтүү. Кыргыздардын өзгөчөлүгү - тез эле бир нерсени өздөштүрүп алганында, башкаларга салыштырмалуу билимдүү, анан чыдамкай болушат.
Таиланд өнүгүп бараткан өлкөлөр катарында
Таиланддагы башкаруу формасы конституциялык монархия, падыша башкарат. Ошол эле убакта парламенттик өлкө. Экономикасы бир эле туризмге байланбайт, айыл-чарба, өнөр-жай тармагы, маселен, автоунаа чогултуу багыты абдан өнүккөн. Бул жакта социалдык система бир аз башкача. Элдин көпчүлүгү мамлекеттен эч кандай колдоо албайт. Тагыраак айтканда, бул жакта пенсия, жөлөкпул дегенди мамлекеттик кызматта иштегендер гана ала алат. Кээ бир адамдар Таиландды жакыр өлкө деп ойлошот, бирок чындыгында андай эмес, азыр өнүгүп бараткан өлкөлөрдүн бири деп эсептелет.
Жумушум абдан кызыктуу
Күн сайын жаңы адамдарды тосуп алабыз, ар түрдүү адамдар менен таанышабыз. Өзгөчө жаңы иштей баштаганда кызыктуу окуялар көп болду. Маселен, туристтердин көбү жаш баладай болушат. “Бул эмне? Аны эмне кылат? Кандай аталат? “–деп жөнөкөй суроолорду сурай беришет. Аларга “билбейм” деп айтыштын өзү уят. Кээ бир нерселердин тайча аталышын билбей калганда, кыргызча “бул арча, карагай” – деп айтып койчубуз. Мындай окуялар ар бир гиддин башынан өтсө керек.
Кыргызстандын келечеги туризм менен
Кудай буйурса, жакынкы жылдары мекениме кайтып, Түркиядан, Таиланддан алган тажрыйбамды колдонуу менен Кыргызстандагы туризмдин өнүгүшүнө өз салымымды кошсом деп ойлойм. Биздин өлкөдө бул тармактын башталганына аз эле убакыт болбодубу. Туризм өнүккөн өлкөлөргө өтө деле салыштыра берген болбойт. Кыргызстан дагы келечекте ошолордун катарына кошулат деп ойлойм. Бизде кышкы, жайкы туризмди бирдей өнүктүрсө болот, өлкө аркылуу Жибек Жолу да өтөт эмеспи, ушул нерсени колдонсок болот. Кыргыздардын каада-салттарына байланыштуу, көчмөн турмушун көрсөткөн туризм Нарын аймагында жакшы өнүгүп жатат. Ошол ыргакта башка облустарда да өөрчүтсөк жакшы болот. Негизинен туризмдин гүлдөп кетишине биринчиден, өлкөдөгү инфраструктуранын жоктугу себеп болууда. Маселен, жолдордун начардыгы, дүйнөлүк стандарттарга шайкеш келе турган эс алуучу жайлардын, мейманканалардын аздыгы. Экинчиден, тейлөө кызматы жакшы болбой атат. Бул эми көптөн бери айтылып келген кемчиликтер. Өлкөнү таанытуу иштери жакшы жүргүзүлбөй жатат. Башка мамлекеттерге Кыргызстанды таанытып, ал жактан туристтерден келишине шарт түзүп жана келгендердин коопсуздугун камсыздап берүү бул мамлекеттин милдети, ал эми келген конокторду жакшы тосуп алуу бул ишканалардын, ишкерлердин жана жөн гана элдин милдети десек болот.
Биз келген туристтерди пайдалана албай атабыз. Маселен, Ысык-Көлгө келген туристтерге ар кандай экскурсияларды, турларды уюштурсак жакшы болмок. Эс алуучулардын жөн эле жата бербей, мейманканалардан чыгып, ары-бери сейилдегени биздин элге пайда, анткени ар бир турист өзүнүн чамасына жараша акча коротот. Ошол акчанын баарын биз алып калышыбыз керек. Ошол эле маалда Таиланддын, Түркиянын үлгүсүндө көлдүн жээгине жакшы дүкөндөрдү ачса болот. Келген туристтердин баары акчалуу болот, аз да болсо бир нерсе сатып алат. Негизинен кыргыздар бирөөнү күнөөлөгөнгө эле жакшыбыз, мамлекет, жалпы эл кошулуп аракет кылышыбыз керек. Туризм бир аз алдыга жылса эле туризм маданияты өнүгөт. Анткени эл бир аз акча таап баштаганда туристтерге болгон көз карашы, мамилеси өзгөрөт, система иштей баштайт. Кыргызстанда бул тармактын келечеги кең десем болот.