Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:53

FT: “Кыргызстан - саякаттоого сонун өлкө”


Жети-Өгүз
Жети-Өгүз

Дүйнөлүк басма сөзгө баяндама (28-декабрь - 3-январь).

Британиянын Financial Times гезити өз окурмандарына 2016-жылы саякат үчүн мыкты жети өлкөнүн тизмесин чыгарды.

Шри Ланка, Перу, Бразилия, Гренландия, Түштүк Африка, Куба менен катар Кыргызстан да жетинин бири болуп бул тизмеге кирди.

Тизмени дүйнө туризм тармагын иликтеген Торонтодогу Butterfield&Robinson аналитикалык компаниясы түзгөн.

2016-жылдын мыкты туризм өлкөсү деп табылгандар саясий стабилдүүлүк, мейманканалар, көңүл ачуучу жайлардын сапаты менен бааланган.

Wild Frontiers коомунун негиздөөчүсү Жонни Билби Кыргызстандын бул тизмеге кирүүсүн мындайча негиздеп берген: “Кыргызстанда баалар абдан арзан. 2012-жылдан бери көп өлкөлөргө визасыз каттам киргизип, саякаттоонун түйшүгү жеңилдеген. 2015-жылы октябрда шайлоо абдан тынч өттү. Ал эми 2016-жылы бир катар тарыхый, маданий мааракелер болгону жатат. Бул мааракелерде улак тартыш сыяктуу улуттук ат оюндарын акысыз көрсө болот. Адам буту баспаган Тянь-Шань тоолорун велосипед менен аралап, байыркы Жибек Жолун басып өтө аласыздар”.

Хиллари менен Путин Обаманын башын оорутат

Politico басылмасы АКШнын лидери Барак Обама президенттик кызматтагы акыркы жылында тышкы саясатта бир топ кыйналарын божомолдойт. Журналист Майкл Кроули өз макаласында "АКШ чалгынчылары Обаманын эл аралык саясаттагы кадыр-баркына Орусиянын лидери Владимир Путин, президенттикке талапкер Хиллари Клинтон жана Израилдин премьер-министри Бенямин Нетаняху шек келтириши ыктымал деген тыянак чыгарышкан" деп жазат.

“Обаманын администрациясы 2016-жыл “чабуулдардын жылы” болот дегени менен Путинди Украинадан чыгаруу, Сирияда тынчтык келишимин камсыздоо жана “Ислам мамлекети” террордук тобун жок кылуу сыяктуу өзөктүү максаттарын жүзөгө ашырганга жетишпей калышы ыктымал. Тарых көрсөткөндөй, адатта мөөнөтү аяктап баратканда президенттер тышкы саясаттагы дымагын далилдегиси келип берет. Обама да ушул жөрөлгөнү улантайын дегени менен Париж жана Калифорниядагыдай кандуу калабаларды алдын ала албай убара. Анан калса Путиндин Украина менен Сириядагы согуштук операциялары АКШ лидерин бир кыйла алдастатып койду. Эгерде Хиллари Клинтон президент болуп шайланып калса, Москвага каршы кескин чара көрүп, Обаманын аброюн дагы түшүрөт. Айрым аналитиктер Обама акыркы жылында Палестина-Израил чырын чечүүгө белсенип көрсө да майнап чыкпай турганын болжолдошууда”, - деп жазат Politico гезити.

ИМ Израил армиясынын бир бөлүгүбү?

Брукингс институтунун аналитиги Брюс Рейдел Сауд Арабиядагы диний төбөлдөрдүн “Ислам мамлекети” экстремисттик тобу жөнүндө айткан пикирине сереп салган.

Рейделдин макаласын Newsweek журналы басып чыгарды. Анда "Саудия бийлиги террорчулук менен күрөшүү максатында “Ислам согуштук альянсын” түздү. Эми чыныгы вахабисттер согушкерлердин мизин майтарганы танктарын октой баштады" деп жазылган.

Рейдел макаласында Сауд Арабиянын муфтийи Абдулазиз ал-Шейхтин сөзүн мисал келтирген. Муфтий ал-Шейх “Ислам мамлекети” тобунун лидери Абубакир ал-Багдади биздин жаңы бирикмени "Палестинаны либералдаштырат, жөөттөрдүн сазайын берет" деп айтып, эл аралык коомчулукту коркуткусу келди. Тескерисинче, биздин бирикме Жакынкы Чыгыштын үшүн алган “Ислам мамлекети” экстремисттик тобуна гана каршы күрөшмөкчү. Менимче, өзүн “мамлекет” атап алган ДАИШ дал ошол Израил армиясынын бир бутагы болушу ыктымал”, - деген.

Белгилүү болгондой, ИМге каршы бул альянстын башында Сауд Арабиянын коргоо министри, ханзаада Мухаммад бин Салман турат.

Шейхтин уулу Дубайдагы өрттү өчүрдү

Бириккен Араб Эмиратынын соода жана туризм борбору Дубай шаарындагы эң бийик мейманканалардын биринде 1-январь күнү өрт чыгып, аны өчүрүүгө барган кызматкерлердин бири эмирликтердин вице-президенти жана премьер-министри Шейх Мухаммад бин Рашид ал-Мактумдун уулу экенин The Independent гезити жазып чыкты.

Өрт өчүргүчтүн кийимин кийип алып, Шейх Мансур Дубайдын эң бийик имаратын куткарууга катышкан. Эмираттын өкмөт башчысынын бир нече аялынан жалпысы 23 баласы бар экени айтылууда. Бурж Халифа мунарасындагы Address Hotel аттуу мейманканадагы кырсык жаңы жылдык фейерверк аттыруудан соң тутанган. Таң аткыча өрт өчүргүчтөр тилсиз жоо менен күрөшүшкөн.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG