Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:13

Украинанын Чортков шаарына ракеталык чабуул жасалды


Кара деңизден атылган "Калибр".
Кара деңизден атылган "Калибр".

Украинанын батышында Тернополь облусундагы Чортков шаарына жекшембиге караган түнү орус аскерлери ракеталык чабуул жасады. Андан 22 киши, арасында 12 жаштагы кыз жараат алганын жергиликтүү бийлик маалымдады.

Кара деңизден төрт ракета атылганы кабарланууда. Тернополь шаардык администрациясынын башчысы Владимир Труштун айтымында, беш кабаттуу төрт турак жай жабыркаган.

Орусиянын Коргоо министрлиги Тернополь аймагына чабуул Кара деңиздеги фрегаттан "Калибр" үлгүсүндөгү ракеталар менен жасалганын тастыктады. Орус тарап курал-жарак жана ок-дарылар сакталган чоң кампа жок кылынганын айтууда.

Тернополь облусунун полициясынын башчысы Александр Богомол ракеталык соккунун негизги бутасы Чортковдогу аскердик объект болгон деп эсептейт, бирок турак-жайлар да жабыркаган. Ал аскердик объектиде курал-жарак болбогондугун белгиледи.

Чортков — Тернополь облусундагы экинчи ири шаар. Фронттон алыс жайгашкан бул аймакка мурда дээрлик сокку урулган эмес.

Негизги согуштук аракеттер азыр Луганск жана Донецк облустарында жүрүүдө. (SE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG