Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:58

Соодагерлер ККМге каршы кайрадан нааразылык акцияга чыгышты


Көзөмөл-кассалык аппараттына (ККМ) каршы митингге чыккан соодагерлер. 13-июнь, 2022-жыл.
Көзөмөл-кассалык аппараттына (ККМ) каршы митингге чыккан соодагерлер. 13-июнь, 2022-жыл.

Өкмөт үйүнүн имаратынын алдында 13-июнда 200дөн ашык соодагер көзөмөл-кассалык аппаратына (ККМ) каршы кайрадан нааразылык акцияга чыкты. Алар ККМ жана эсеп-фактуранын киргизилишине каршы экенин айтып, патент системасы калсын деген талаптарын коюп жатышат.

Митингдин катышуучулары Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров чыгып алардын суроолорун жооп беришин суранышууда.

Жаңы Салык кодексине ылайык, өлкө аймагындагы соода-сатык, жумуш аткаруу, тейлөө субъектилери накталай жана накталай эмес эсептешүүдө милдеттүү түрдө ККМ колдонушу керек. Мындай талап 1-августтан тартып коюла баштайт.

Бир катар ири базарларда иштеген соодагерлер буга карата нааразылыгын билдирип, митинг-пикет өткөрүп келе жатышат. Алар ККМ колдонсо товарын кымбаттатууга мажбур болорун айтууда.

Акылбек Жапаров 11-июнда Бишкектеги “Дордой Фуд” азык-түлүк базарында эмгектенген ишкерлер менен жолугуп ККМ көмүскө экономиканы жана аткезчиликти азайтууга жардам бере турганын айтты. Ал эсеп-фактура мыйзамсыз соода-сатык менен алектенгендерди аныктоого жардам берерин түшүндүргөн. (BTo/AiB)

XS
SM
MD
LG