Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:05

Акылбек Жапаров ишкерлерди аткезчиликке каршы турууга чакырды


“Дордой Фуд” азык-түлүк базарындагы жыйын.
“Дордой Фуд” азык-түлүк базарындагы жыйын.

Бишкекте министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен жолуккан ишкерлер соода жайларына көзөмөл-кассалык машиналарды (ККМ) орнотууга жана эсеп-фактураны киргизүүгө каршы пикирлерин билдиришти. Алар патенттик системаны электрондук форматка өткөрүп берүүнү суранышты.

11-июнда Бишкектеги “Дордой Фуд” азык-түлүк базарында эмгектенген ишкерлер менен жолугушкан Жапаров ККМдин зарылдыгы тууралуу мамлекеттик саясатты түшүндүрүп, бул көмүскө экономиканы жана аткезчиликти кыскартууга жардам бере турганын айтты.

Жапаров ишкерлерди аткезчиликке каршы турууга чакырып, мыйзамсыз соода алектенгендерди аныктоого жардам берүүгө чакырып, маселе эсеп-фактура жүргүзүү менен гана жөнгө салынарын белгиледи.

Министрлер кабинетинин башчысы ишкерлерди салыкты ак ниеттүүлүк менен төлөөгө, саламаттыкка зыяндуу азык-түлүктөрдү сатуудан баш тартууга чакырды.

Салык тууралуу жаңы мыйзамга ылайык, өлкө аймагындагы соода-сатык, жумуш аткаруу, тейлөө субъектилери эсептешүүдө милдеттүү түрдө ККМ колдонушу керек. Мындай талап 1-августтан тарта коюла баштайт.

Соодагерлер бул талапка каршы Бишкекте жана аймактарда нааразылык акцияларын өткөрүп келатышат. Алар ККМ колдонсо товарын кымбаттатууга мажбур болорун билдиришкен.

Буга чейин президент Садыр Жапаров Бишкектеги базарларга барып, ишкерлерге ККМди ишке киргизүү максатын түшүндүргөн. Ал Кыргызстанда экономиканын 40% кмүскөдө калганын, ошону алып чыгуу аракети көрүлүп жатканын, кичи жана орто бизнес жабыркабасын деген аракет көрүлөрүн айткан.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кыргызстанда эки миңге жакын шаар-кыштактардагы соода түйүндөрүнө ККМ киргизиле турганын билдирген. (SE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG