Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:31

Ала-Букада күнүнө 120 тонна сүттү кайра иштетүүчү завод ишке кирди 


Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда күнүнө 120 тонна сүттү кайра иштетүү мүмкүнчүлүгү бар "Арашан" заводунун филиалы ишке кирди. Башкы завод өзү Таласта жайгашкан.

Облустук администрациядан кабарлашкандай, заводду жергиликтүү бийликтин колдоосунда жеке ишкер ачты. 30га жакын адам жумушка алынган ишканага Ала-Бука, Аксы жана Чаткал райондорунан сүт сатып алынат. Азыктар лабараториялык текшерүүдөн кийин жасалат.

Ачылышка президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев да катышып, жыл аягына чейин сүттү кайра иштетүүчү заводдор дагы эки райондо ачылаарын айтты.

Айыл чарба министрлигинин маалыматына караганда, Кыргызстанда жылына 1,7 млн. тонна сүт алынат. Анын 3000-4000 тоннасы кайра иштетилип, андан алынган сүт азыктарынын жарымы экспорттолот. (TB)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG