Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:51

Чүйдө жол кырсыгына кабылган милиция кызматкери камакка алынды


Бишкек-Торугарт автожолунда жол кырсыгына кабылган милициянын кызматтык автоунаасы.
Бишкек-Торугарт автожолунда жол кырсыгына кабылган милициянын кызматтык автоунаасы.

Бишкек-Торугарт автожолунда жол кырсыгына кабылган милиция кызматкери камакка алынды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин (ИИМ) басма сөз кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, ал 11-июнда Бишкек-Торугарт автожолунун 12,3 чакырымында “Mercedes-Benz” үлгүсүндөгү кызматтык автоунаа менен баратып “Дэу-Тико” үлгүсүндөгү машина менен кагышкан.

“Дэу-Тикодо” баш-аягы алты адам бараткан. Баары тең медициналык кароодон өтүүдөн баш тарткан.

Тергөөдө “Mercedes-Benz” автоунаасын Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын Издөө бөлүмүнүн инспектору (Н. Б.) айдап баратканы аныкталган. Машинада жалпы үч киши болгон.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу” беренеси менен кылмыш иши козголуп, инспектор Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына камакка алынды.

Ушул тапта кызматтык иликтөө жүрүп жатат. Ички иштер министрлиги анын жыйынтыгы менен милиция кызматкерине юридикалык баа берилип, тиешелүү жетекчилерге чара көрүлөрүн кабарлады.

11-июнда социалдык тармактарда автокырсык болгон жерден тартылган видеолор тараган. Анда Ички иштер министрлигинин кызматтык автоунаасы жолдон чыгып даракты сүзүп токтогонун көрүүгө болот. Тасманы тартып жаткан адамдар машинанын айдоочусу, милиция кызматкери мас экенин айтышкан.(BTo)

XS
SM
MD
LG