Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:56

Amnesty International: Орусия Харьковдо тыюу салынган курал колдонгон


Харьков шаары орус армиясынын соккусунан кийин. 10-июнь 2022-жыл
Харьков шаары орус армиясынын соккусунан кийин. 10-июнь 2022-жыл

Amnesty International (AI) эл аралык укук коргоо уюму 13-июнда жарык көргөн отчетунда орус армиясы пайдаланган чачырама (кассеталык) бомбалар менен башкарылбаган ракеталардан Харьковдо жүздөгөн карапайым киши набыт болгонун билдирди.

Укук коргоочулар калк жыш жашаган аймактарды мындай туш келди аткылоо согуш кылмыштарына тете экенин белгилешет. Алардын айымында, эл аралык конвенциялар тыюу салган курал колдонулганын тастыктаган далилдер бар. Орусия андайга жол бергенин танып келатат.

Согуш башталгандан бери орус аскерлери бир жарым миллион калктуу Харьковду улам-улам аткылап жатышты. Шаардын администрациясы маалымдагандай, 606 жайкын тургун мерт кетти, 1248и жарадар болду.

Amnesty International уюмунун кызматкерлери 160дай жашоочуну кепке тартып, Харьков бери дегенде 28 жолу туш келди аткыланганын аныкташты.

Орус армиясы Украинадагы согушта пайдаланган “Град” жана “Ураган” ракета комплекстери бутага таамай тийбейт. Ал эми чачырама бомбалар жарылганда сыныктары айланасындагы жүздөгөн метр аянтка жайылат.

Жайкын адамдардын өлүмүнө, инфраструктуранын кыйрашына алып келген туш келди аткылоолор согуш кылмыш болуп эсептелет. Ал үчүн күнөөлүү адамдар жоопко тартылышы керек, - деп билдиришет укук коргоочулар.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG