Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:58

Кыргыз өкмөтү өлкөгө 110 миң тонна буудай сатып алынганын кабарлады


Кыргыз өкмөтү 110 миң тонна буудай, 25 миң тонна кумшекер сатып алды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 13-июнда Бишкектеги көзөмөл-кассалык аппараттарга каршы соодагерлердин митингинде сүйлөп жатып кабарлады. Ал өлкөдө азык-түлүк коопсуздугун сактоо боюнча бардык аракеттер көрүлүп жатканын билдирди.

«Бизде бул жаатта маселе болбойт. Өкмөт бардык аракетти көрүп жатат»-деди Жапаров.

Украинадагы согушка байланыштуу азык-түлүк коопсуздугуна маселе жаралууда. Быйыл май айында Кыргызстанда кумшекердин тартыштыгы байкалып, баасы кымбаттаган. Ошол учурда Министрлер кабинетинин чечими менен кумшекерди жана чийки камыш кантты өлкөдөн алып чыгууга алты айлык мөөнөткө тыюу салынды.

Кыргызстан буудай, кумшекер сыяктуу азык-түлүк үчүн керектүү товарларды сырттан импорттойт. Анын ичинде Кыргызстан буудайдын 57% Россиядан, 40% Казакстандан сатып алат. Ал эми былтыр өлкө дээрлик 50 миң тонна кумшекер импорттогон, анын көбү Орусиядан 24,3 миң тоннаны түзгөн. Казакстандан 4,5 миң тоннадан ашык кумшекер ташылып келген.(BkA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG