Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:05

Министр Бейшеналиев боюнча комиссия ишин жыйынтыктай элек


Алымкадыр Бейшеналиев сот залында
Алымкадыр Бейшеналиев сот залында

Коррупцияга шектелип, кызматтан убактылуу четтетилген саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге козголгон кылмыш ишинин жагдайларын иликтеген комиссия ишин улантууда. Бул тууралуу президенттик администрациядан «Азаттыкка» кабарлады.

Маалыматка ылайык, аталган комиссия тыянагын чыгарган соң президент Садыр Жапаров министр боюнча чечим кабыл алмакчы.

Алымкадыр Бейшеналиев 2-июнда коррупцияга шек саналып кармалып, бир айга камалган. Башкы прокуратура ага карата жети кылмыш ишин козгогон. Мындан соң президент Жапаров Бейшеналиевге козголгон кылмыш ишинин жагдайларын иликтөө үчүн атайын комиссия түзгөнүн жарыялаган. Бирок комиссиянын курамына кимдер киргени жана канча убакыт иш алып барары боюнча так маалымат берилбей келет.

Президент Садыр Жапаров 4-июнда башкы прокурор Курманкул Зулушев менен саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевди кызматынан убактылуу четтеткен. Мындай чечим эки чиновниктин жеке мамилесинен жана тергөөнүн акыйкат жүрүшү үчүн кабыл алынган.(BkA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG