Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:43

Украина: согуштан кеминде 288 баланын набыт болгону аныкталды


Орус элчилигинин алдындагы акция. Кишинев, 29-март 2022-жыл
Орус элчилигинин алдындагы акция. Кишинев, 29-март 2022-жыл

Украинанын Башкы прокуратурасы согуш башталгандан бери кеминде 288 баланын набыт болгону, 527си жараат алганы аныкталганын билдирди.

Прокуратура белгилегендей, бул – алдын ала сандар, уруш жүрүп жаткан жерлерден жана убактылуу оккупацияланган аймактардан маалымат алуу кыйын болууда.

Акыркы күндөрдө мерт кеткендердин арасында Лисичанск шаарынын алты жаштагы тургуну бар. Бала 12-июнда орус аскерлеринин аткылоосунан окко учту. 11-июнда Тернопол облусунун Чертков шаарында 12 жаштагы кыз жабыркаган.

БУУнун Адам укуктары боюнча жогорку комиссариаты өткөн аптада жарыялаган жаңы отчетунда Орусия басып киргенден бери Украинада 272 жеткинчектин өлүмү тууралуу белгилүү болгонун билдирген. Ошол эле баяндамада 4302 карапайым киши мерт кеткени, 5217си жарадар болгону айтылган. Карапайым кишилер арасындагы жоготууларга негизинен артиллериянын жана жапырт аткылоочу ракета системасынын аткылоосу алып келүүдө.

БУУ чыныгы статистика мындан жогору болушу мүмкн деп эскертет. Эмне дегенде, салгылашуулар жүрүп жаткан чөлкөмдөрдөн маалымат кечирээк келүүдө.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG