Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:39

Назарбаев Москвада Путин менен жолукту


Назарбаев менен Путин. Москва, 12-июнь 2022-жыл
Назарбаев менен Путин. Москва, 12-июнь 2022-жыл

Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаев Москвада орус мамлекет башчысы Владимир Путин менен жолугуп, Орусия күнү менен куттуктады. Бул тууралуу Назарбаевдин расмий сайты кабарлады.

Маалыматка караганда, Казакстандын туңгуч президенти жана Путин эки өлкө ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына байланыштуу бири-бирине куттуктоо сөздөрүн айтышты.

Акордонун сайтында ал маалда Казакстандын Москваны Орусия күнү менен куттуктоосу тууралуу маалымат чыга элек болчу.

Назарбаевдин Путин менен кездешүүсү бир катар эксперттердин экс-президенттин башкаруу чөйрөсүндөгү таасири азайып баратат деген пикирлеринин фонунда өттү.

Өткөн жумада күчүнө кирген түзөтүүлөргө ылайык, туңгуч президент тууралуу сөздөр Казакстандын конституциясынан алынган.

Үстүбүздөгү жумада казак президенти Касым-Жомарт Токаевдин Орусияга сапары күтүлүүдө. Акорданын маалыматына ылайык, 17-июнда Путиндин чакыруусу менен ал Санкт-Петербургдагы эл аралык экономикалык форумга катышмакчы.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG