Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:00

Тоолуу Бадахшанда башаламандык уюштурууга айыпталган Холбашов өмүр бою кесилди


Улфатхоним Мамадшоева менен Холбаш Холбашов.
Улфатхоним Мамадшоева менен Холбаш Холбашов.

Тажикстандын Жогорку соту башаламандыктарды уюштурууга айыпталган Тоолуу Бадахшан автоном облусунун чек ара аскерлигинин мурдагы башчысы Холбаш Холбашовду өмүр бою абакка кести. Бул тууралуу 22-сентябрда Холбашовдун жакындары “Азаттыктын” тажик кызматына кабарлашты.

Алардын айтымында, соттун өкүмү бир күн мурун чыккан. Соттук отурум Дүйшөмбү шаарында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин изоляторунда жабык өткөн.

Генерал Холбаш Холбашовго Кылмыш-жаза кодексинин 11 беренеси, анын ичинде "кылмыштуу топ түзүү", "адам өлтүрүү", "адам өлтүрүүгө аракет кылуу", "терроризм" жана башка бир катар кылмыштар боюнча айып тагылган.

Тоолуу Бадахшан автоном облусунун чек ара аскерлигинин мурдагы башчысы 18-майда анын мурдагы жубайы Улфатхоним Мамадшоева менен бир күндө кармалган. Бийлик Холбашовду Рушан аймагындагы “уюшкан кылмыштуу топтун лидерлеринин бири” деп атаган. Бирок отставкадагы генералдын айрым жакындарынын айтымында, ал кармалган күнгө чейин Тажикстандын чек ара кошуунунда кызмат өтөгөн.

Тажикстандын бийлиги “антитеррордук операция” деп атаган кармоолордо Холбашов менен бирге Рушан районунун 78 тургуну кармалып, Дүйшөмбүгө жеткирилген.

Улфатхоним Мамадшоевага каршы Тажикстандын Кылмыш-жаза кодексинин сегиз беренеси, анын ичинде “Тажикстандын конституциялык түзүлүшүн күч менен өзгөртүүгө ачык чакырык жасоо” деген айып да тагылган. Көз карандысыз журналист жана жарандык активист Хорогдогу нааразылык акцияларын уюштурган деген айып менен 18-майда атайын кызмат тарабынан Дүйшөмбү шаарында кармалган. Анын иши боюнча өкүм чыга элек, прокурорлор Мамадшоеваны 25 жылга эркинен ажыратууну соттон суранган.

Укук коргоо уюмдары бул айыптоолорду “атайылап ойлоп табылган” деп аташкан. Айыпталуучулар тергөө калыс болбогонун айтып, кылмыш иштеринин адилет каралышын талап кылышкан.

Тоолуу Бадахшан автоном облусунда 14-майдан тартып нааразылык акциялары башталган. Күч органдары 18-майда жол тоскон адамдарды "деструктивдүү күчтөр" деп атап, аларга каршы "антитеррордук операция" өткөргөн. Анда "сегиз жоочу жок кылынганын, 11и жарадар болгонун” маалымдаган. Соңку маалыматтарда 100дөн ашык адам кармалганы ырасталды. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG