Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:19

ӨКМ "Кудайберген" базарында ондон ашуун контейнер күйгөнүн кабарлады


"Кудайберген" базары
"Кудайберген" базары

Бишкектеги "Кудайберген" базарында чыккан өрттөн унаа тетиктерин саткан ондон ашуун контейнер күйдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, кырсык болгон жерде өрт өчүрүүчү беш бөлүм тартылып, тилсиз жоо 17:45те чектөөгө алынды.

Өрт базардагы контейнерлердин биринен тутанып, жанындагыларга жайылган.

ӨКМ алдын ала маалымат боюнча жабыркагандар жок экенин, кошумча маалымат берилерин билдирди.


Бишкектин түндүк-батыш тарабында жайгашкан "Кудайберген" базарында негизинен автотетиктер сатылат. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG