Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:16

"Азаттык" радиосу Тажикстандын ТИМи тараткан маалыматты төгүндөйт


Тажикстандын Тышкы иштер министрлигинин баштапкы (солдо) жана оңдолгон расмий билдирүүсү. 22-сентябрь, 2022-жыл.
Тажикстандын Тышкы иштер министрлигинин баштапкы (солдо) жана оңдолгон расмий билдирүүсү. 22-сентябрь, 2022-жыл.

"Эркин Европа/Азаттык" радиосунун кыргыз кызматы - "Азаттык" радиосу Тажикстандын Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) Ошто радионун өз кабарчысы сабалганы тууралуу тараткан маалыматын төгүндөйт.

22-сентябрда тажик ТИМинин расмий сайтына Кыргызстанда Тажикстандын жарандарын жана этникалык тажиктерди куугунтуктоо саясаты жүрүп жатканы тууралуу билдирүү жарыяланып, анда "18-сентябрда Ош облусунда белгисиз бирөөлөр “Азаттыктын” кыргыз кызматынын кабарчысы, этникалык тажик аял Насибахон Давронбекованы сабап кетишкен" деп жазылган.

Бир аздан кийин тажик ТИМи билдирүүсүндөгү бул сөздөрдү сайтынан алып салган.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) бул боюнча маалыматты териштирип жатканын билдирди.

“Азаттык” радиосу Тажикстандын ТИМи тараткан маалыматтагы кабарчы "Азаттык" радиосунда иштебей турганын расмий билдирет.

Ага удаа эле "Америка авазы" радиосунун аймактык кабарчысы Давронбек Насибхонов Фейсбукка билдирүү таратып, "Тажикстандын ТИМи мени этникалык тажик кылып көрсөтүп, саясий максатта колдонуусун каалабайм" деп жазды. Ал 17-сентябрда Ош шаарынын башкы аянтында инцидент болгонун белгилеп, бирок анын чоо-жайы башка экенин жазды.

Давронбек Насибханов Ош шаарында Баткен үчүн жардам штабынын ишин чагылдырып жүргөндө белгисиз бирөөлөрдүн ур-токмогуна кабылганын 18-сентябрда “Азаттык” радиосуна билдирген.

Ош шаардык милициясынын маалымат катчысы Абсатар Тавакалов журналист арыз жазуудан баш тартканын "Азаттыкка" маалымдаган.

Давронбек Насибхонов 2000-жылдары "Демос таймс", "Сиесат" гезиттеринде, 2010-жылдан кийин "Ынтымак" телеканалында, 2016-жылдан тартып "Америка авазы" радиосунун аймактык кабарчысы болуп иштеп жатканын айтып берген. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG