Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:38

Баткенден эвакуация болгон миңден ашуун адам Бишкекке жана Чүйгө жайгаштырылды


Баткенде 2022-жылдын 17-сентябрында тартылган сүрөт. Жалпысынан дээрлик 137 миң адам эвакуация болгон.
Баткенде 2022-жылдын 17-сентябрында тартылган сүрөт. Жалпысынан дээрлик 137 миң адам эвакуация болгон.

Баткендеги соңку окуялардан улам үй-жайын таштап чыгууга мажбур болгондордун 700гө жакыны республикалык штаб аркылуу Бишкекке, 400дөн ашууну Чүй облусуна жайгаштырылганын 22-сентябрда “Азаттык” радиосуна штабдын Бишкек боюнча координатору Алтынбек Кутманов билдирди.

Кутмановдун айтымында, алар окуу жайларынын жатаканаларына жана мейманканаларга жайгаштырылууда:

“Кыргыз мамлекеттик медицина академиясынын Бишкектеги жана Таш-Дөбөдөгү жатаканаларына, Чүй облусундагы орто окуу жайларынын жатаканаларына, мэрия аркылуу колубуздан келишинче менчик мейманканаларга, “Достук”, “Семетей”, “Сейтек” мейманканаларына жайгаштырдык. Бишкектен баштадык, Бишкекте резервибиз калбагандан кийин Чүй облусуна өттүк”.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) маалыматына караганда, Баткенде эвакуация болгон 136 миң 770 жергиликтүү тургундун 5,5 миңден ашууну республиканын башка аймактарына чыгып кеткен.

Мындан тышкары Ош облусунун Тажикстан менен чектеш Чоң-Алай районунун Жекенди айылынан да 5 миңден ашуун адам эвакуация болгон.

Быйыл 14-16-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышта 59 кыргыз жараны курман болуп, эки жүзгө жакыны жараат алды. Чек арадагы кыргыз айылдарынан коопсуз жайларга убактылуу көчүрүлгөндөр 140 миңден ашты.

Тажик тарап 41 жараны өлгөнүн билдирген. "Озоди" өз булактарына таянып чек арада каза болгон 63 адамдын тизмесин чыгарды. (RK)

XS
SM
MD
LG