Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:21

Баткендеги абал салыштырмалуу туруктуу деп мүнөздөлүүдө


Баткен. Төрт-Көчө айылы. 2022-жылдын 18-сентябры.
Баткен. Төрт-Көчө айылы. 2022-жылдын 18-сентябры.

Баткенде кырдаал салыштырмалуу туруктуу экенин бүгүн, 22-сентябрда саат 16:00дө президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Маруфхан Туллаев билдирди. Ал кыргыз-тажик чек арасында ок атышуу жок экенин айтты.

“Чек арада тажик тараптын кол салуусунан жабыркаган айылдарда тазалоо, калыбына келтирүү жана жарылбай калган снаряддарды зыянсыздандыруу аракеттери жүргүзүлүүдө. Облустун чек ара аймактарында абал туруктуу. Коопсуз жайларга чыгарылган жарандар, өзгөчө аялдар жана жаш балдар, тазалоо иштери аягына чыкканга чейин ошол убактылуу жайгашкан жериңиздерде күтүп турууңуздарды суранабыз”, - деди Туллаев.

Быйыл 14-16-17-сентябрда чек арада болгон окуя тууралуу 20-сентябрда Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясында маалымат берип жатып президент Садыр Жапаров Тажикстанды "бардык макулдашууларга карабай чабуул жасады" деп айыптаган. Тажик тарап окуя үчүн Кыргызстанды айыптоодо.

Кагылышта 59 кыргыз жараны курман болуп, эки жүзгө жакыны жараат алды. Чек арадагы кыргыз айылдарынан коопсуз жайларга убактылуу көчүрүлгөндөр 140 миңден ашты.

Тажик тарап 41 жараны өлгөнүн билдирген. "Озоди" өз булактарына таянып чек арада каза болгон 63 адамдын тизмесин чыгарды. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG