Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:51

Москвада мобилизацияга каршы чыккандарга аскерге чакыруу берилди


Москвадагы мобилизацияга каршы акция учурунда кармалгандар. 21-сентябрь, 2022-жыл.
Москвадагы мобилизацияга каршы акция учурунда кармалгандар. 21-сентябрь, 2022-жыл.

Москва шаарында мобилизацияга каршы акция учурунда кармалгандардын айрымдарына полициянын бөлүмдөрүндө аскердик комиссариаттарга чакыруулар берилди. Бул тууралуу кармалгандар "ОВД-Инфо" укук коргоо борборуна кабарлашты.

"Яблоко" партиясынын мүчөсү Кирилл Гончаров митингден кийин Можайский районунда кармалгандар өздөрүнө келген чакыруунун сүрөтүн жарыялады. Кармалгандарга чакырууну алганы тууралуу кагазга кол койбогону үчүн кылмыш ишин козгой турганын айтып коркутушкан.

Соколиная районундагы милиция бөлүмүндө кармалып тургандардын биринин жубайы "Медиазона" басылмасына байланышып, анын күйөөсүнө аскердик комиссар жеке жолугуп, чакыруу бергенин айтты. Комиссар аны аскердик комиссариатка келиши керектигин эскертип, видеого да тартып алып кеткен.

Башка шаарлардан Воронежде да полиция мобилизацияга каршы чыккандардын айрымдарына 23-сентябрга аскердик комиссариатка чакыруу беришкен. Андагы чакырууларды да "ОВД-Инфо" жарыялады.

21-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин жарым-жартылай мобилизация жарыялады. Мунун алкагында согушка запастагы жоокерлер тартылары кабарланган. Коргоо министри Сергей Шойгу мобилизация жарлыгынын алкагында 300 миңдей адам аскерге тартыларын айтып, бул мындан ары да пландуу улантыларын билдирген.

Буга байланыштуу шаршемби күнү кечинде Орусиянын 38 шаарында нааразылык акциялары өтүп, 1400 адам кармалган. Кармалгандардын көбү Москвага жана Санкт-Петербург шаарларына туура келет. Аталган шаарларда полиция митингчилерге катуу чара көрүп, аларды желим куралдар менен сабады жана тизелетип, чөгөлөттү. Кармалгандардын арасында жабыркагандар да болду. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG